Негизги азык түлүк жана азык түлүк эмес товарларга карата чекене баалардын мониторинги

Новости
09-Октябрь 2016-ж.
2082

2016-жылдын 6-октябрына карата Кыргыз Республикасынын рынокторунда негизги азык түлүк жана азык түлүк эмес товарларына чекене бааларга мониторингдин жыйынтыгы боюнча, 2016-жылдын 1-сентябрына салыштырганда, б.а. бир айда, товарлардын көпчүлүгүнө баалардын төмөндөшү байкалууда:

Аштык буудайдын даны 0,39 сомго же 2,86%;

буудай уну 1-сорттогу 0,27 1,15%;

ун II-сорттогу 0,39 2,05%;

нан 0,03 0,17%;

макарон азыктары 0,86 1,94%;

күрүч 8,00 10,17%;

а.и. жергиликтүү күрүч 1,69 1,77%;

импорттук күрүч 0,19 0,31%;

куш шекер 2,42 4,31%;

кой эти 5,16 1,86%;

фасоль 0,59 0,71%;

канаттуулардын эти 0,28 0,23%;

туз 0,09 0,43%;

картошка 1,34 8,80%;

көмүр 611,44 14,39%.

Октябрдын башында төмөнкүдөй товарларга карата чекене баанын көтөрүлүшү болуп өттү:

пастерленген сүт 1,69 сомго же 2,65%;

ак май 7,56 2,89%;

өсүмдүк майы 0,38 0,42%;

уй эти 0,03 0,01%;

чочконун эти 4,18 1,51%;

тоок жумурткасы 1,68 2,71%;

цемент М-400 1,67 0,60%.

КММ. 6-октябрдын мониторингинин маалыматтары боюнча у.ж. 1-сентябрынан баштап, А-92 маркасындагы бензиндин 0,04 сомго 0,12%, дизель отунунун- 0,05 сомго же 0,15%га кымбатташы белгиленүүдө. А-80 бензинине баа 0,11 сомго же 0,36% арзандады.

КММ дүйнөлүк баалар.

http:/tass.ru/МОСКВА, 10 октября. /ТАСС/. сайтынын маалыматтары боюнча. Лондондо ICE биржасында тооруктардын жүрүшүндө декабрында жеткирүү менен Brent маркасындагы нефтиге фьючерстин наркы 2,41%, баррель үчүн 53,18 $ өстү. Бул тууралуу тооруктардын маалыматтары күбөлөндүрөт.

Россия нефтини казууну чектөө боюнча ОПЕК чечимине кошулууга даяр экендиги жөнүндө жаңылыктын фонунда нефтинин котировкасы өсүп жатат. Тийиштүү билдирүүнү РФ Президенти Владимир Путин Стамбулдагы Дүйнөлүк энергетикалык конгрессте жасады.

Нефтиге бааны чыңдоо фонунда, Москва биржасында доллардын курсу 0,18%га 62,09 руб. чейин, евронун курсу - 0,61%га 69,26 руб чейин төмөндөдү.

Буга чейин, Стамбулдагы сөзүндө, Сауд Аравиясынын энергетика, өнөр жайы жана минералдык ресурстар министри Халед бен Абдель Азиз аль-Фалех жылдын аягына чейин нефтинин баасы баррель үчүн 60 $ жетиши мүмкүн деген пикирди билдирген.

Толугураак Аналитика рубрикасында тааныша аласыздар

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу