Кыргыз-корея өкмөттөр аралык комиссиясынын жыйынтыгы боюнча протоколго кол коюлду

Новости
09-Октябрь 2016-ж.
1919

2016-жылдын 7-октябрында Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинде кыргыз тарабынан Кыргыз Республикасынын экономика министри Арзыбек Кожошевдин жана корея тарабынан Корея Республикасынын тышкы иштер министринин экономикалык маселелер боюнча орун басары

Ли Тэ Хо төрагалыгы алдында экономикалык кызматташуу боюнча кыргыз- корея өкмөттөр аралык комиссиясынын 2-жыйыны болуп өттү.

Жыйындын жүрүшүндө А.Кожошев белгилегендей, Күн тартибинин бардык маселелери боюнча, тактап айтканда, эки тараптуу соода-экономикалык мамилелерди активдештирүү, экономикалык өнүгүү боюнча кызматташуу фондунун (EDCF) алкагында өз ара аракеттенүү, Корея Республикасы менен ЕАЭБ ортосунда эркин соода жөнүндө макулдашууну түзүү, геология жана минералдык ресурстар, өнөр жайы, энергетика, айыл чарбасы жана айыл жергесин өнүктүрүү, КРде «Сэмаыль» айылдарынын пилоттук долбоорлорун илгерилетүү, саламаттык сактоо, экология, каттоо иши, эмгек мигарциясын координациялоо жаатында кызматташуу боюнча өз ара алгылыктуу чечимдер жетишилди.

Кыргыз- корея өкмөттөр аралык комиссиясынын жыйынтыгы боюнча протоколго кол коюлду.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу