Импортчулар ЕАЭБ өлкөлөрүнөн товарларды ташып кирүүдө коштомо кагаздарды алып жүрүүлөрү зарыл

Новости
12-Октябрь 2016-ж.
1938

Тышкы экономикалык иштин катышуучулары, анын ичинде импортчулар ЕАЭБ өлкөлөрүнөн товарларды ташып келүүдө Мамлекеттик чек арадан өткөндүгү жөнүндө талондорду толтуруунун ордуна коштомо кагаздарды алып жүрүүлөрү зарыл. Мындай жаңылык 2016-жылдын ноябрь айынан тартып колдонула баштамакчы.

Бул тууралуу министрдин орун басары Баккелди Тюменбаев жана КР Өкмөтүнө караштуу М амлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Октябрь Абдыкаимов у.ж. 13-октябрындагы пресс-конференциянын жүрүшүндө кабарлашты.

Жаңы тартип КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 3-октябрындагы №524 Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттер менен соода жүргүзүүнүн алкагында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүлүүчү товарларды эсепке алууну камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө” токтомуна ылайык киргизилүүдө.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ушул эле токтому менен ишкерлик иш менен алектенген уюмдар жана жеке жактар Кыргызстандын мамлекеттик чек арасы аркылуу транспорт каражаттары менен товарларды ташып келүүдө же ташып чыгууда толтуруучу Мамлекеттик контролдон өткөндүгү жөнүндө талон алып салынган.

Жаңылык киргизүүнүн максаты – мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүлүүчү товарларды толугу менен эсепке алууну жана ата мекендик өндүрүүчүлөр үчүн бирдей атаандаштык шарттарды камсыз кылуу.

Көрсөтүлгөн токтомго ылайык, Кыргызстандын мамлекеттик чек арасы аркылуу транспорт каражаттары менен товарларды алып өтүүнү көздөгөн импортчу коштомо кагаздын толтурулган бланкынын 2 нускасын жанына алып жүрүүгө тийиш.

Кыргызстандын аймагынан товарларды экспорттоодо коштомо кагазын толтуруу жана колдонуу талап кылынбайт.

Импортерлор үчүн товарлардын эсебин алуунун киргизилип жаткан жаңы механизминин ыңгайлуулугу коштомо кагаздын бланкы уюмдун бланкында кайсыл жерде болбосун алдын ала таризделгенинде. Башкача айтканда Талонду толтургандай болуп, бир гана контролдук өткөрүү пунктунда толтуруу милдет эмес.

Кыргыз-казак чек арасындагы контролдук өткөрүү пунктунан өтүүдө импортчулар коштомо кагаздын 1 нускасын жана жүк алуучунун салыктык каттоосу жөнүндө маалымкатты же күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсүн чек арачыга берет. Чек арачы коштомо кагаздын эки нускасын тең салыштырып карап чыгат жана маалымкаттын болушун текшерүү менен жүктү өткөрөт. Коштомо кагазы жок болсо чек арачы тийиштүү мобилдик топко маалымат берет.

КРсынын аймагына товарларды импорттоо фактысы боюнча импортчу (жүктү алуучу) каралган отчёттук мезгил ичинде салык органына тийиштүү салык отчётун тапшырууга жана белгиленген тартипте каралган импорт боюнча кыйыр салыктарды төлөөгө милдеттүү.

Белгилей кетсек, Өкмөттүн жогоруда көрсөтүлгөн токтому менен Евразия экономикалык биримдигине мүчө-мамлекеттердин аймактарынан Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы аркылуу жеке жактар тарабынан жеке керектөөлөрү үчүн колдонулуучу товарларды ташып келүүдө коштомо кагаздарын тариздөө талап кылынбай турган товарларды ташууда сунушталган минималдык ченеми жана товарлардын тизмеси бекитилген.

Товарлардын тизмеси менен жергиликтүү салык органдарында, ошондой эле МСКнын www.sti.gov.kg сайтынан же 194 телефону аркылуу таанышууга болот.

ЕАЭБ мүчө-мамлекеттеринде колдонулган Бирдиктүү бажы тарифдери менен салыштырмалуу аларга карата бажы алымдарынын төмөндөтүлгөн өлчөмдөрүн колдонуу каралган, Казак Республикасынан товарларды ташып кирүү учурунда, белгиленген талаптарга ылайык таризделген товардын эсеп-фактурасынын көчүрмөсүнүн жана бул товарды КР аймагына ташып кирүү укугун тастыктаган тиешелүү коштомо документтердин болушу талап кылынат.

Бул учурда, ЕАЭБ бажы аймагында товарларды ташып кирүүнүн жана жүгүртүүнүн айрым маселелери жөнүндө” Протоколунун жана 2015-жылдын 16-октябрындагы Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин Чечиминин талаптарына ылайык, жогоруда көрсөтүлгөн товарлардын эсеп-фактуралары Казакстандын кирешелер боюнча Комитетинин тиешелүү органдары тарабынан күбөлөндүрүлүшү керек.

Кыргызстан ЕАЭБке кошулгандан кийин, 2015-жылдын 12-августунан баштап, тышкы экономикалык ишмердиктин бардык катышуучулары – импортчулар дагы, ошондой эле экспортчулар дагы, ЕАЭБ мүчө-мамлекеттери менен соодалашуунун алкагында, кыргыз-казак чек арасы аркылуу товарларды ташуу учурунда мамлекеттик контролдон өткөндүгү жөнүндөгү Талонду толтурушат. КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 27-январындагы № 38 токтому менен, талондордун ордуна алдын ала кабарлоо механизмин киргизүү каралган болчу. Бирок, товарларды эсепке алуунун киргизилип жаткан жаңы механизмин кайра карап чыгуу зарылчылыгы жөнүндө бизнес-коомдоштуктарынын жана коомчулуктун көп сандаган кайрылууларына байланыштуу, алдын ала кабарлоонун тартибин ишке киргизүү токтотулган эле.

Коштомо кагазды толтуруу тартиби бизнес-коомчулуктун өкүлдөрүнүн жана коомчулуктардын ой пикирлерин эске алуу менен кабыл алынды.
""

""

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу