”Кепилдик фонду” ААК капитализациялоодо Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун колдоосу жөнүндө

Новости
03-Октябрь 2016-ж.
1829

Бул жөнүндө бүгүн 2016-жылдын 3-октябрында болуп өткөн брифингдин жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын экономика министри Арзыбек Кожошев билдирди.

Анын айтуусунда, ушул жылдын 30-сентябрда Бишкек шаарында Россия Федерациясынын финансы министри Сергей Сторчактын төрагалыгы астында Россия –Кыргыз фондунун Кеңешинин кезектеги жыйыны болуп өттү

Кеңештин жыйынын алкагында, күн тартибинин бирден бир маселеси болуп, РКӨФтүн Кепилдик фонду” Ачык акционердик коомун капитализациялоого катышуусун кароо болду.

Жыйын жыйынтыгында Кеңеш , РКӨФтүн Кепилдик фонду” Ачык акционердик коомун капитализациялоого катышуусун колдоду жана Россия –Кыргыз өнүктүрүү фондуна катышуу механизмдерин карап чыгуу сунуш кылынды.

Кепилдик фонду” Ачык акционердик коому Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 23-июнундагы Кепилдик фондду түзүү жөнүндө” буйругунун негизинде түзүлгөн. Учурда ачык акционердик коомдун капиталы 72 млн.сомду түзөт, каражат республикалык бюджеттин эсебинен бөлүнгөн. Ошону менен бирге Инвестициялык климатты жакшыртуу- 2-подпрограммасынын” алкагында Азия Өнүктүрүү банкынын каражатынан 3млн.доллар АКШ доллары өлчөмүндө акча каражаты бөлүнгөн. Натыйжасында Кепилдик фонду” ААКтын капиталы 280 млн. сомду түзөт.

2015-жылдын жыйынтыгы боюнча чакан жана орто бизнестин ИДПнын жалпы көлөмүнө салыштырма салмагы -40,5% түздү, б.а. өлкө экономикасына чакан жана орто бизнестин салымы зор.

Ошол эле мезгилде, чакан жана орто бизнестин өнүгүүсүнүн эң маанилүү инструментинин бири болуп, финансылык жеткиликтүүлүк болуп саналат, б. А. Арзан насыя менен камсыз кылуу.

Бирок, күрөөнүн жетишсиздигинен насыя алуучулардын 40-50% талап кылынган сумманы ала алышпайт, ошондой эле аймактардагы кыймылсыз мүлк рыногунун өнүкпөгөндүгүнөн (банктардын күрөөгө болгон талабы-насыянын 120% түзөт), чакан жана орто бизнес үчүн насыя алуу кыйын, айрыкча аймактарда.

Албетте бул экономиканын жана ишкердиктин өнүгүүсүнө таасирин тийгизет.

РКӨФтүн ишинин максаты болуп чакан жана орто ишкердикти финансылык ресурстарга жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу болуп эсептелет.

РКӨФтүн негизги милдеттери болуп:

Чакан жана орто бизнести кредиттөөнү өнүктүрүү;

Чакан жана орто бизнестин кредиттик ресурстарга болгон керектөөлөрүн максималдуу канааттандыруу жана колдоо, анын ичинде, Start-up

Чакан жана орто бизнес субъекттеринин туруктуулугун арттыруу;

Товарларды өндүрүү жана кызмат көрсөтүүнүн көлөмүн арттыруу, бюджетке келип түшүүлөрдү арттыруу;

Жаңы жумушчу орундарды түзүү менен мурунку жумуш орундарын сактоону камсыз кылуу;

Чакан жана орто бизнестин бизнес жүргүзүү жаатындагы финансылык сабаттуулугун арттыруу
""

""

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу