Мамлекет жана бизнес укук коргоо органдарындагы реформа үчүн

Новости
27-Сентябрь 2016-ж.
2100

Бул маселе, Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин Чоң залында министр Арзыбек Кожошев, рыноктор ассоциациясынын жетекчиси Сергей Пономарев, Коргоо кеңешинин катчысы Темир Жумакадыров, Башкы прокуратуранын, КРӨгө караштуу экономикалык кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын, Ички иштер министрлигинин, бизнес коомчулуктун, ЖМК өкүлдөрүнүн катышуусунда өткөн, Улуттук ишкер клубдун 2-кеңешмесинин күн тартибиндеги негизги маселе болду.

Жолугушуунун катышуучулары укук коргоо органдары менен байланышкан маселелерди карап чыгышты.

Министр А. Кожошевдин маалыматы боюнча, өлкө экономикасынын өнүгүүсү үчүн, туруктуу өнүгүү жолуна түшүү үчүн мамлекет менен бизнестин тыгыз өнөктөштүгүнө жетишүү менен , мамлекеттин стратегиялык милдеттерин жана өз ара кызыкчылыктарды эсепке алуу зарыл.

Ушул зарылчылыкты түшүнүү менен, министрлик, ишкердик ишти жүзөгө ашыруу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү максатында бизнес чөйрөнүн өкүлдөрү менен тыгыз жана активдүү иш алып барууда. Акыркы жылдары министрлик тарабынан демилгеленген бардык иш-чаралар бизнес чөйрөнүн ишин жакшыртууга багытталып, бизнес структуралардын пикирин эске алуу менен ишке ашырылууда.

КР Экономика министрлигинин алдында Координациялык Кеңеш түзүлдү. Бул аянтчанын алкагында министрлик тарабынан ар бир аптада тематикалык жолугушуулар жүргүзүлөт. Тактап айтканда, 45-ке жакын жолугушуулар болуп өттү, анын жыйынтыгы аркылуу 100 гө жакын иш-чаралар иштелип чыгып, ал 2016-жылга карата Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Планына киргизилди.

Өткөрүлгөн жолугушуулардын жыйынтыгы боюнча, министрлик тарабынан 52-пункттан турган иш-чаралардын планы даярдалды жана тиешелүү мамлекеттик органдарга жөнөтүлдү. Акыркы учурда, бизнес тарабынан бирин бири кайталаган укук коргоо жана салык органдары тарабынан жүргүзүлүп жаткан текшерүүлөрдүн канчалык деңгээлде негиздүү экендиги боюнча маселе тез-тез көтөрүлүп келүүдө, бул текшерүүлөрдүн айрымдары ишкер субъекттерге басым көрсөтүү үчүн гана уюштурулуп жатканы белгилүү.

Бул маселени эске алуу менен, ушул жылдын 15-мартында Ишкер субъекттердин жана жергиликтүү өзүн өзү башкаруу субъекттердин ишин укук коргоо жана салык органдары тарабынан текшерүүдө укуктук коргоо боюнча кошумча чаралар жөнүндө” КР Президентинин Жарлыгына кол коюлган

Президенттин бул Жарлыгын ишке ашыруу алкагында укук коргоо жана салык органдары тарабынан ишкер субъекттерди текшерүү механизмдерин иштеп чыгуу боюнча ведомство аралык жумушчу топ түзүлгөн.

Жогоруда көрсөтүлгөн ведомство аралык жумушчу топтун ишинин жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 27-июлундагы токтому менен кабыл алынган Ишкердик субъекттерине жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына карата укук коргоо жана салык кызматы органдары тарабынан жүргүзүлүүчү текшерүүлөрдү каттоонун убактылуу эрежелерин бекитүү жөнүндө” токтому кабыл алынган

Ошондой эле министрлик Башкы прокуратура менен биргеликте укук коргоо органдарынын бизнести текшерүүсү боюнча ченемдик укуктук актыларды инвентаризациялайт, бул укук коргоо органдары жүргүзгөн текшерүүлөрдү системага келтирет жана 9 ченемдик укуктук актыга тиешелүү өзгөртүү киргизүүнү карайт.

Жыйынтыктап жатып, министр төмөнкүлөргө токтоло кетти, биргелешип иштөөдө бир кыйла жетишкендиктерге жетишүү менен катар чечилбеген маселелер жана пикир келишпестиктер да бар. Бирок эң башкысы-бизнес коомчулуктун кызыгуусун сактап калуу болуп эсептелет.

Андан ары, талкуунун алкагында Улуттук ишкер клубдун 2-жыйынынын резолюцияларынын долбоорун кароо пландаштырылууда.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу