Кыргыз-Британ Бизнес-форумунун катышуучулары Кыргыз Республикасындагы инвестициялык саясат менен таанышууга кызыкдар

Новости
26-Май 2016-ж.
1865

Биринчи жолу Кыргыз –Британ экономикалык мамилелеринде 2016-жылдын 13-майында, Лондон шаарында Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги менен Кыргыз Республикасынын Улуу Британиядагы элчилиги TheCity UK британ уюму жана NortonRoseFulbright юридикалык компаниясынын колдоосу астында уюштурган Кыргыз –Британ Бизнес-форуму болуп өттү.

Бул иш-чаранын жүрүшүндө Улуу Британиянын туризм, экология, тоо-кен иштетүү, консалтинг, инвестиция, аудит ж.б жаатында адистешкен 70-тен ашык түрдүү компанияларынын өкүлдөрү жана эл аралык финансы институттарынын өкүлдөрү катышты.

Бул форумду өткөрүүнүн негизги максаты Кыргыз Республикасында бизнес жүргүзүүгө ыңгайлуу болгон тармактар болгон тоо кен иштетүү, туризм, энергетика жаатындагы инвестициялык мүмкүнчүлүктөр

боюнча алардагы негизги аспекттери менен тааныштыруу аркылуу маалымат жайылтуу үчүн натыйжалуу аянтча түзүү, ошону менен бирге, Кыргыз Республикасынын

инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө терең маалымат алуу үчүн инвесторлорду тартуу менен бирге жакындан таанышууга чакыруу.

Кыргыз Республикасынын Экономика министри өз сөзүндө экономикалык өнүгүү үчүн, чет элдик инвестицияга жагымдуу шарт түзүү үчүн жана инвестициялык артыкчылыкты арттыруу үчүн Өкмөттүн жасап жаткан аракеттери жөнүндө кенен маалымат берди.

Тактап айтканда, Өкмөт тарабынан инвестициялык климатты жакшыртуу үчүн жана жеке секторду өнүктүрүү үчүн жүргүзүлүп жаткан реформалар, өлкөнүн инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү, ошондой эле өлкөдөгү инвестиция үчүн приоритеттүү делген тармактар : туризм, тоо-кен казуу, энергетика секторундагы инвестициялык мүмкүнчүлүктөр жөнүндө презентация формасында ар тараптуу маалымат берилди.

Ошондой эле өлкөнүн туристтик потенциалы жөнүндө жана Экинчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары жөнүндө видеоролик көрсөтүлдү.

Иш-чаранын алкагында Кыргыз Республикасынын Улуу Британиядагы элчиси Гүлнара Искакова, Улуу Британиянын Кыргыз Республикасындагы элчиси Робин Орд-Смит чыгып сүйлөштү, алар өз сөзүндө Кыргызстанда болуп жаткан демократиялык реформаларга оң баа берди.

Форумдун катышуучулары берилген маалыматтарга кызыгуу менен Кыргыз Республикасындагы экономикалык кырдаал жана инвестициялык саясатты терең иликтөөгө кызыкдар экенин билдиришти.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу