«МЕДКО ИНТЕРНЕШНЛ» ЖЧК на метрологиялык көзөмөл жүргүзүүнүн жыйынтыктары жөнүндө

Новости
29-Март 2016-ж.
1975

2016-жылдын биринчи кварталында «МЕДКО ИНТЕРНЕШНЛ» (мындан ары-коом) ЖЧК на өлчөө бирдигин камсыз кылуу жаатындагы ченемдик укуктук актыларды сактоосу, метрологиялык эрежелер жана ченемдер, өлчөө каражаттарынын абалы жана колдонулушу, стандарттык үлгүлөр боюнча метрологиялык көзөмөл жүргүзүлгөн .

МЕДКО ИНТЕРНЕШНЛ» ЖЧК экономикалык ишинин негизги түрү болуп медициналык багыттагы дары каражаттарын жана буюмдарын сатуу болуп эсептелет.

Ушуга чейин, 2014-жылдын майындагы метрологиялык көзөмөлдөө жүргүзүүнүн жыйынтыгы боюнча укуктук ченемдик актылардын талаптарын сактоо боюнча сунуштар берилип өлчөө каражаттарынын абалдары боюнча административдик мыйзам бузуу боюнча протокол таризделген.

Медициналык багыттагы өлчөө каражаттары : КЭР, Кореядан, Германиядан ташылып келинет. Жеткирүүлөр КР Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Дары каражаттары менен камсыз кылуу департаментинде каттоодон өтөт, ошол жерде медициналык багыттагы өлчөө каражатынын ар бирине даярдоочулар тарабынан берилүүчү документациялар менен бирге маалымат берилет.

ашылып келген ар бир партиянын контролдук материалдарына КР ССМ Дары каражаттары менен камсыз кылуу департаменти тарабынан өндүрүүчү тарабынан берилген документтин негизинде шайкештик сертификаты берилет.

КР аймагына коом аркылуу Медициналык багыттагы өлчөө каражаттарынын айрым түрлөрү(электрокардиографтар, көз кан тамырларынын басымын өлчөөчү тономертлер), мамлекеттик жөнгө салуу тармагына өлчөө каражаттарынын түрүн бекитпестен туруп жүгүртүүгө киргизилген, бул КР Өлчөө бирдиктерин камсыз кылуу жөнүндө” Мыйзамынын Кыргыз Республикасында чыгарылуучу же Кыргыз Республикасынын аймагына ташылып келүүчү, мамлекеттик жөнгө салуу чөйрөсүндө колдонуу үчүн арналган өлчөө каражаттарынын жана стандарттык үлгүлөрдүн тиби жүгүртүүгө чыгарылганга чейин бекитилүүгө жатат” –деп аныкталган 9-беренесинин 1-пунктунун талаптарын бузуу болуп эсептелет.

Метрологиялык көзөмөлдүн жыйынтыгы менен «МЕДКО ИНТЕРНЕШНЛ» ЖЧК директоруна административдик мыйзам бузуу боюнча протокол таризделди.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу