Кыргызстандын ЕАЭБ ге кирүүсү өнөр-жай ишканаларына инвесторлорду тартууга дем берүүгө тийиш

Новости
15-Февраль 2016-ж.
1859

Бул жөнүндө Кабар” маалымат агенттигине берген пресс-конференциясында Кыргыз Республикасынын Вице-премьер –министри Олег Панкратов билдирди. Анын билдирүүсү боюнча, республика ЕАЭБ не өз маалында кирди, бул экономиканын гана өнүгүүсүн камсыз кылбастан, өлкөнүн узак убакытка болгон өнүгүү жолун аныктайт.

Кыргызстан интеграцияга өз убагында кирди. Эгер андай болбосо, биз өткөн жылдын биринчи жарымында сүйлөшүүлөрдү аягына чыгара алмак эмеспиз, региондогу геосаясий кырдаалдын өзгөрүүсү менен дүйнөлүк масштабдагы татаал тышкы саясий шарттарда ЕАЭБ ге кирүү жөнүндөгү сүйлөшүүлөр узакка созулуп, анын кесепетинен оор тынбаган түйшүктүн артында жетишилген бүгүнкү преференцияларга жана шарттарга да жетишмек эмеспиз.

Эң маанилүүсү, Кыргыз Республикасы Биримдиктеги үчүнчү өлкө болуп эсептелип, бизге карата ар түрдүү чектөөлөр, бажы чек арасын жаап алуу, сүттү кайра иштетүүчү ишканаларга жеткиликтүүлүктү чектөө, эмгек мигранттарынын иштөө шарты оор бойдон кала бермек, мунун баары бүгүнкү дүйнөлүк каатчылык болуп турган мезгилде КР экономикасына терс таасирин тийгизмек-деп билдирет Вице-премьер-министр.

2015-жылдын 12-февралында Биримдикке кошулганга толук жарым жыл болду. Алгачкы жыйынтыктарды чыгарып жатып, О.Панкратов, негизги багыттардын эң маанилүүсү катары сатуу рыногуна чыгууну атады. Тактап айтканда техникалык тоскоолдуктар чоң рынокко чыгууга мүмкүнчүлүктү жаап турчу. Республикада буга альтернативалуу башка жол жок болучу. Соода агымын башка тармакка буруу менен Кыргызстан экспорттук саясаттан индустриалдык саясатка өтүүгө жол ачат. ЕАЭБ ке кирүү менен өндүрүш ишканаларына инвесторлорду тартууга кеңири жол ачылуусу керек. Бул тенденция сөзсүз болуусу керек. Бизде кытайлык жана башка ЕАЭБ өлкөлөрүнөн келген инвесторлор бар.

Биримдикке кирүүнүн оң натыйжалары жөнүндө министрдин орун басары Кылычбек Джакыпов кенен токтолду. Анын айтуусунда, Кыргызстан ЕАЭБ дин башка мүчө өлкөлөрү сыяктуу эле ЕАЭБдин органдарында бирдей укукка ээ. Бул, Биримдиктин бардык катышуучулары сыяктуу эле кыргыз тараптын макулдугусуз ЕАЭБ дин чечими кабыл алынбайт. Февралдан тарта Евразия комиссиясынын жаңы структурасы ишке кирет, Кыргызстанга ЕАЭБ дин иш багытында эки блок бөлүндү(бажы кызматташтыгы, энергетика жана инфраструктура).

Бажылык, санитардык жана фитосанитардык контролдун түрлөрү алынып салынды. Бажы чек араларынын алынуу шартында соода жанданды.

Мындан тышкары, 4-бажылык пунктту жана 7 ветеринардык-контролдук өткөрмө пункттары жабдуулар менен камсыз болду. Россия өткөрмө пункттарын жана сыноо лабораторияларын ЕАЭБ дин шарттарына даярдоо үчүн грант түрүндө олуттуу финансылык колдоо көрсөтүүдө, б.а улуттук сыноо базасы жаңы сапаттуу деңгээлге чыгууда.

КР 28-лабораториясы аккредиттелип жана сертификаттоо боюнча 6-орган ЕАЭБдин бирдиктүү реестрине киргизилди, бул ишканалар берүүчү документтер Биримдиктин бардык аймагында бирдей таанылат.

Бүгүнкү күндө Кыргызстандык 18 ишкана ЕАЭБ дин мүчө-мамлекеттеринин (Россия жана Казакстан) аймагына товар жеткирүүчү ишканалардын Реестрине киргизилди. Анын ичинде 15 ишканага РФ на термикалык кайра иштетүүдөн өткөн даяр продукцияны(+72 градуста 30 мин аз эмес),термикалык кайра иштетүүдөн өткөн сүт продукциялары, балык продукциялары) жеткирүүгө уруксат берилди. Жана 11 ишкана өз продукциясын Казакстанга киргизүүгө мүмкүнчүлүк алды(сүт продукциясы, бал, балык продукциясы).

Башка өлкөлөрдөн барган эмгек мигранттарынын кыскаруусунун эсебинен кыргыз жарандары үчүн жумушчу орундар бошоп, эмгек миграциясын легалдаштыруу башталды.

Ошондой эле ЕАЭБ дин алкагында, көпчүлүктүн суроо-талаптарына ээ товарлардын коопсуздугун аныктоочу , 35 Техникалык регламент кабыл алынды. ЕАЭБ ТР де көрсөтүлгөн продукцияларга болгон талаптарды сактоо, ашыкча административдик жана техникалык тоскоолдуктарды жок кылып товарларды эркин жүгүртүүгө жол ачат.

ЕАЭБ ТР күчүнө киргенден тартып Кыргыз Республикасынын аймагында колдонула баштайт. Ушуга байланыштуу, продукциялардын рынокко кирүү жолу жеңилдеп, ЕАБ”ББ болгон бирдиктүү белгиси бар бирдиктүү документтер колдонулат.

Мындан тышкары, К.Джакыпов үчүнчү өлкөлөр менен соода кызматташуусун кеңейтүү жөнүндө билдирди.

Экспорттук мүмкүнчүлүктү кеңейтүү максатында 2016-жылдын 29-январынан баштап, ВСП+ жалпы преференцияларынын колдонуучусу жеген статус алды.

Бул статусту колдонуу КР үчүн маанилүү болуп саналып, Европа Биримдигинин рыногуна экспортко чыгуу мүмкүнчүлүгүн арттырат.

Кыргызстан Европа Биримдигинин мамлекеттерине 6000 ден ашык товардык аталыштар боюнча пошлинасыз киргизүүгө мүмкүнчүлүк алды. Мурун экспортерлор мөмө жемиштердин айрым түрлөрү боюнча 14.6 % өлчөмдө бажы алымдарын төлөсө, кийим предметтери боюнча 5-9% төлөнүп келген.

Кыргызстан ВСП+ системасына катышкандан кийин, Евробиримдиктин бажы алымдарынын ставкаларына салыштырмалуу, кыргыз экспортерлору Евробиримдиктин аймагында көрсөтүлгөн товарларды нөлдүк ставка менен алып киришет. Бул Кыргыз Республикасына экспортко багытталган ишканаларды ачууга инвесторлорду тартуу үчүн жакшы стимул болуп саналат-деп министрдин орун басары К.Джакыпов өз сөзүн аяктады.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу