Москвада Еврвзия экономикалык кеңешинин кезектеги жыйыны болуп өттү

Новости
15-Февраль 2016-ж.
1851

2016-жылдын 12-февралында Москвада Евразия экономикалык комиссиясынын кезектеги жыйыны болуп өттү. Бул иш-чарага ЕЭК Кеңешинин мүчөлөрү :Армениянын Вице-премьер-министри, эл аралык экономикалык интеграция жана реформалар боюнча министри Ваче Габриелян, Беларусиянын Премьер-министринин биринчи орун басары Василий Матюшевский, Казакстан Республикасынын Премьер-министринин биринчи орун басары Бакытжан Сагынтаев, Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри Олег Панкратов, КР Экономика министринин орун басары Кылычбек Джакыпов, Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Игорь Шувалов, ошондой эле ЕЭК Коллегиясынын төрагасы Тигран Саркисян жана Коллегия мүчөлөрү катышты.

ЕЭК Кеңеши интеграция жана соода , бажылык кызматташуу, экономика жана каржы саясаты, өнөр-жай жана агроөнөржай комплекси, техникалык жөнгө салуу, энергетика жана инфраструктура чөйрөсүндөгү бир катар маселелерди карады.

Жактырылган документтердин арасында төмөнкүлөр бар :

- ЕЭК департаменттеринин штаттык тизмесин бекитүү жана аларды Евразия экономикалык Коллегиясынын мүчөлөрүнүн ортосунда бөлүштүрүү жөнүндө” чечим;

- Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин (ЖЕЭК) ЕАЭБ жалпы газ рыногун түзүү Концепциясы жөнүндө” чечим

- Евразиялык Өкмөт аралык кеңешинин Станок жасоо боюнча Евразиялык инжиниринг борборлорун түзүү Концепциясы жөнүндө” чечим;

- ЖЕЭК тин ЕАЭБ дин мүчө-өлкөлөрүндөгү калктын санитардык –эпидемиологиялык саламаттыгы чөйрөсүндө ыйгарым укуктуу жетекчилердин кеңеши жөнүндө” чечим ;

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу