Инвестицияны өз ара колдоо жана коргоо боюнча сүйлөшүүлөрдүн 2-раунду Анкара шаарында болот

Новости
15-Февраль 2016-ж.
1924

2016-жылдын 16-17-февралында Турциянын Анкара шаарында Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги жана Түрк Республикасынын Экономика министрлигинин ортосундагы 1992-жылдын 28-апрелинде кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түрк Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Инвестицияны өз ара колдоо жана коргоо боюнчаМакулдашуу долбоору” боюнча сүйлөшүүлөрдүн 2-раунду болот.

Кыргыз Республикасынын экономика министрлигинин атынан инвестиция саясатынын бөлүм башчысы Канат Абдрахманов өкүл болуп катышат.

Сүйлөшүүлөрдүн 1-раунду 2013-жылы 23-24-июнда Бишкек шаарында болуп өткөн.

.Иш чаранын негизги максаты болуп тикелей инвестиция тартуу чөйрөсүндө инвесторлордун укугун коргоо, Тараптардын аймагындагы капиталдык салымдар менен байланышкан мүмкүн болгон тобокелчиликтерди кыскартуу боюнча ченемдик-укуктук базаны түзүү ошондой эле эки тараптын бирдей позициясын иштеп чыгуу болуп эсептелет.

Жогоруда белгиленген Макулдашуунун корутундусу болуп тараптардын ортосундагы соода-экономикалык мамилелерди кеңейтүүгө маанилүү элемент боло алат жана Кыргызстандын бардык секторлоруна Турциядан келе турган тикелей инвестициянын агымын чоңойтууга таасирин тийгизет.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу