Агын сууларды тазалоо боюнча долбоорду ишке ашыруу үчүн ISO 16075 стандарттар сериясын иштеп чыгуу жөнүндө

Новости
14-Февраль 2016-ж.
1991

КР Экономика министрлигине караштуу стандартташтыруу жана метрология борбору -Стандартташтыруу боюнча эл аралык уюм ( ISO) билдиргендей, 2015-жылы- ISO ISO 16075-стандарттар сериясын иштеп чыкты, анда агын сууларды тазалоо долбоорлорун иштеп чыгуу жана аткаруу үчүн жетектөөчү принциптер, материалдарды долбоорлоо, курулуш жана өндүрүү, суунун сапаты жана сугарыла турган айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түрлөрү сыяктуу кенен маселелерди ичине камтып, ошону менен бирге ага байланышкан тобокелчиликтер жана негизги компоненттер камтылган(мисалы, суу түтүктөр тармагы менен көлмөлөр)

Туура сапаттуу тазаланган агын суу айыл чарбасында таза сууну алмаштыруучу мыкты ресурс болуп эсептелет. Тазаланган агын суу сугат иштерине пайдаланылып, айыл чарба өндүрүшүн жогорулатуу үчүн жана жер семирткичтерди колдонууну азайтууга жол ачат.

Экологиялык жактан жогорку деңгээлдеги тазаланган агын сууну пайдалануу менен экологиялык жоготуулардын алдын алуу мүмкүн. Айыл чарбасынан тышкары тазаланган агын сууну шаарларда өндүрүш максатында кайра иштетүүгө болот.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу