ЕАЭБ ге мүчө болуунун алгачкы жыйынтыктары жана келечеги жөнүндө. Кыргыз Республикасынын Евразия экономикалык бирлигине кошулуусу –бул жалпы улуттук масштабдагы окуя болуп саналуу менен тарыхка кирет, анткени ал аркылуу экономиканын өнүгүүсү гана эмес өл

Новости
11-Февраль 2016-ж.
1942

Бүгүн 2016-жылдын 12-февралында Кыргызстан ЕАЭБ толук укуктуу мүчөсү болгонуна туура жарым жыл болду. Кыска убакыттын ичинде кандайдыр бир жетишкендиктер жөнүндө айтуу эрте, бирок алгачкы жыйынтыктар бар.

Жетишкендиктер катары:

- ЕАЭБ дин органдарында Биримдиктин башка катышуучулары менен бирдей укукка ээ болуусу, биримдиктин башка мамлекеттери сыяктуу эле кыргыз тараптын макулдугусуз чечим кабыл алынбайт. Февралдан тарта Евразия комиссиясынын жаңы структурасы иштеп баштайт, КР барган Коллегиянын мүчөлөрүнө ЕАЭБ ишинен эки багыттагы блок бөлүнүп берилди. (бажы кызматташтыгы, энергетика жана инфраструктура);

- Бажылык . санитардык жана фитосанитардык контролдун алынуусу. Бажы чак аралары алынгандан кийин, сооданын жандануусу; өлкөнүн ишкерлери 180-миллион калкы бар ЕАЭБ мейкиндигиндеги рынокко чыгууга мүмкүнчүлүк алышты.

- КР 4 бажылык өткөрмө пункту жана 7 ветеринардык-контролдук пункт жабдуулар менен камсыз боло алды жана. Өткөрмө пункттарды дярдоого жана ЕАЭБ дин шартындагы сыноо лабораторияларын даярдоо үчүн РФ грант түрүндөгү олуттуу каржылык колдоо көрсөтүүдө(200млн. АКШ доллары), улуттук сыноо базасы жогорку деңгээлдеги жаңы сапаттуу деңгээлге чыгууда.

- Документ берүүчү КР 28-аккредиттелген лабораториясы 5 сертификаттоо боюнча орган ЕАЭБ дин Бирдиктүү реестрине киргизилди жана Биримдиктин бардык аймагында бирдей таанылат.

- Кыргыз –орус өнүктүрүү фонду ишке кирди. «РСК Банк” жана «Айыл Банк» аркылуу жактырылып 1,2млрд.сом насыя берилди. Фонд тарабынан 10,5 млн.долл айыл чарбасына жана жеңил өнөр-жайына бөлүү жактырылды.

- эмгек мигранттарынын жумушка орношуу шарттары жеңилдеп жана социалдык абалы оңолду. Башка өлкөлөргө салыштырмалуу биз бир кыйла жакшы абалдабыз. Башка өлкөлөрдүн эмгек мигранттарынын кыскаруусунун эсебинен кыргыз жарандыгы бар жумушчуларга эмгек орду бошоп, эмгекти легалдуу жүргүзүүгө шарт түзүлдү.

- ЕАЭБ алкагында массалык суроо-талапка ээ кеңири ассортименттеги товарлардын коопсуздук талаптарын белгилөөчү 35 техникалык регламент кабыл алынды. Бирдиктүү ЕАЭБ ТР белгиленген продукцияларга болгон талаптын сакталуусу соодадагы административдик жана техникалык тоскоолдуктарды болтурбай товарлардын эркин жүгүртүлүүсүнө жол ачат.

- ББ техникалык регламенти күчүнө киргенден тарта КР аймагында түздөн-түз иштей баштайт. Ушуга байланыштуу продукциянын рынокко чыгуу системасы жеңилдеп, продукциянын шайкештиги боюнча бирдиктүү документтер колдонулуп жана ББ”ЕАЭБ” бирдиктүү белги колдонула баштайт.

Өткөөл мезгил аралыгында КР ТР ЕАЭБ дин техникалык регламенттери менен бирдей иштейт жана ишкерлер республиканын ички рыногуна товар жеткирүүдө ЕАЭБ дин же улуттук мыйзамдар менен иштөөнү тандоо укугуна ээ.

ЕАЭБ ТР талаптарын толук аткарганга чейин 2016-жылы сертификаттоо боюнча органдарды аккредиттөө тармагында жана аларды ЕАЭБ дин Бирдиктүү реестрине киргизүү боюнча кеңири иш жүргүзүлөт

Ишкерлерде шайкештик боюнча декларацияны каттоо боюнча органды тандоо мүмкүнчүлүгү пайда болуп. Алар шайкештик боюнча декларацияны акысыз түрдө Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинде каттоодон өткөрө алышат же акы төлөп ЕАЭБ дин бирдиктүү реестрине киргизилген продукцияларды сертификаттоо боюнча аккредиттелген органдардан каттоодон өткөрө алышат.

Экономиканын приоритеттүү тармактарында(айыл чарба, ветеринария,өсүмдүктөрдүн карантини, жеңил өнөр-жай, курулуш материалдары) зарыл болгон техникалык компетенттүүлүккө жетишүүнү камсыз кылуу үчүн РФ тарабынан техникалык жардамдын алкагында кийинки 2 жылдын ичинде КР лабораториялык инфраструктурасына модернизация жүргүзүлөт.

Сыноо лабораторияларын модернизациялоо процесси, анын ичинде аймактардагы лабораторияларды жаңылоо ишкерлерге өз продукциясына болгон чыгымдарды кыскартууга жол ачат , анткени сыноолор жеринде жүргүзүлөт.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу