“Жардам берүү - өзүбүзгө жардам ” кайрымдуулук акциясы жөнүндө

Новости
11-Февраль 2016-ж.
2261

Мындай ураан менен Экономика министрлигинин жамааты квартал сайын ыктыярдуу кайрымдуулук акциясын өткөрүп турат. Жардам республиканын жардамга муктаж ар түрдүү адамдарына берилет.

Бул акциянын өзгөчөлүгү болуп, министрликтин кызматкерлеринин жеке каражаттарына сатылып алынган каражаттар, турмуштук кыйын кырдаалга туш болгон жарандарга таркатылып берилет жана кызматкерлер бул акцияга ыктыярдуу түрдө катышышат.

2014-жылы министрликтин коллективи аз камсыз болгон 5 үй бүлөгө негизги тамак-аш продуктылары түрүндө жардам көрсөттү; көрүүсү боюнча 1-топтогу майыпка оор материалдык абалына байланыштуу, 2 –жаштагы балага операция жасоого жардам иретинде каражаттар берилди.

Мындан тышкары, 5 баласы бар жалгыз бой энеге жана 5-жашар кызга жүрөгүнө операция жасатуу үчүн.

2014-жылдын аягында томолой жетим балага бөйрөгүн алмаштыруу үчүн жардам көрсөтүлдү.

Ошентип, 2014-жылы жалпы суммасы-72192 сом жардам иретинде берилди.

2015-жылы акция улантылып, жыл аралыгында ак кан менен ооруган 8-жаш кызга, балдар үйүндөгү балдарга, №1 Республикалык атайын интернатка, №34 атайын мектепке жардам көрсөтүлдү.

2015-жыл үчүн 58680-сом жардам иретинде берилди.

Мындай акциялар менен министрликтин коллективи жөнөкөй адамдардын жашоосун жакшыртуу үчүн социалдык жардам берүү мамлекеттик органдын башкы максаты экендигине көңүл бурат.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу