Д. Урманбетов КР Экономика министрлигинин ардактуу ардагерлеринин Ардагерлер Кеңешин жетектейт

Новости
10-Февраль 2016-ж.
1914

Бул жөнүндө экономика министрлигинин Чоң залында экономика министри Арзыбек Кожошев , КР ЭМ Стандартташтыруу жана метрология борборунун директорунун орун басары Джекшенбек Урманбетовдун ардактуу эс алууга кетүүсүн куттуктоо менен , Министрликтин ардагерлер кеңешин жетектөөнү сунуш кылды.

Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө зор салым кошуу менен жасаган талбас эмгеги үчүн Д. Урманбетовду КР Экономика министрлигинин Ардак Грамотасы жана кол саат менен менен сыйлап жатып, министр А.Кожошев КР Өкмөтүнүн Ардак Грамотасы менен сыйлоо үчүн сунуш кылынганын белгилей кетти.

Стандартташтыруу жана метрология өлкөнүн экономикасында маанилүү орунга ээ жана өндүрүш тармагын кайра жаратууга, ата-мекендик товарды тышкы рынокко чыгарууда, соода жүргүзүүдөгү техникалык тоскоолдуктарды алууда, мамлекеттер аралык көмөктөшүүдө бул мекеменин ролу чоң экендигине токтолду.

Өлкөнүн туруктуу өнүгүү Стратегиясынын жоболорун ишке ашырууда чоң салым кошуу менен, сиз, Джекшенбек Аширбекович өзүңүзгө алган милдеттерди абийирдүүлүк менен аткаруу менен бирге тынымсыз эмгектин артында чоң ийгиликтерди жарата алдыңыз. Ушуга байланыштуу, сиздин кесипкөйлүгүңүз, принципиалдуулугуңуз жана мамлекеттик системанын ишине кошкон чоң салымыңызды баса белгилеп кетем –деп билдирди министр.

Урматтуу Джекшенбек Аширбекович!

Бүгүн, биз сизди ардактуу эс алууга узатып жатабыз. Сиз, көп жылдар бою биздин коллективде даңктуу жана жемиштүү эмгектенип келдиңиз. Бул убакыт аралыгында Сиз биз үчүн эң мыкты адис болуу менен бирге урмат- сыйга ээ боло алдыңыз! Сиздин эмгегиңиз көпчүлүгүбүзгө үлгү боло алат.

Биздин жамаат сизди узак , даңктуу эмгегиңиз үчүн чын жүрөктөн ыраазычылыгын билдирет.

Сизге чың ден-соолук, чыныгы бакыт, түгөнбөгөн кубанычтарды, жакындарыңыз менен бир туугандарыңыздын , небере досторуңуздун кубанычын тең бөлүшө узак өмүр сүрүүңүздү каалайбыз.

Биз ар дайым сиз менен, бизге конокко келип туруңуз, урматтуу биздин кесиптешибиз Джекшенбек Аширбекович!

Урманбетов Джекшенбек Аширбекович- эмгек жолун Москва районундагы Крупская атындагы Винсовхоздун экономисти болуудан баштаган. 1976 -жылдан 1990-жылга чейин Кыргыз Мамлекеттик аймактык Машина сыноо станциясында башкы экономист, райондук пландоо комиссиясынын төрагасы, Кант райондук аткаруу комитетинин төрагасынын орун басары. 1990-жылдын декабрынан 1993-жылга чейин Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун башкармалыгынын төрагасынын милдетин аткаруучу, орун басары. 1994-жылдын январында Экономика боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасынын орун басары , анын кайра түзүлгөндүгүнө байланыштуу Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары болуп дайындалган.

1997-жылдын январында Д.А Урманбетов. Сатып алуулар боюнча мамлекеттик агенттиктин директору болуп дайындалган. Кыска убакыт аралыгында ал тарабынан Агенттиктин иши ийгиликтүү уюштурулуп, Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” КР мыйзамы парламент тарабынан кабыл алынган.

1998-майынан тарта, Д.А Урманбетов Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу палатасында Премьер-министрдин ыйгарым укуктуу өкүлү, кийин КР Премьер-министринин Аппаратынын бөлүм башчысы болуп эмгектенди.

2000-жылдын октябрынан 2006-жылдын мартына чейин-Кыргызстандарттын директорунун орун басары жана эң маанилүү багыт болуп саналган - стандартташтыруу багытын жетектеп келди. 2006-жылдын апрелинен 2007-жылдын мартына чейин КР Туризм, соода жана өнөр-жай министрлигинин техникалык жөнгө салуу башкармалыгынын начальниги.

2007-жылдын мартында Д.А Урманбетов- конкурстук негизде Кыргыз Аккредитация борборунун директору болуп дайындалат. Анын жетекчилиги менен бардык уюштуруу иштери чечилип, ченемдик-укуктук база иштелип чыгат.

Аккредитациялоонун улуттук тутумун эл аралык стандарттарга шайкеш келтирүүчү документтерди актуалдаштыруу жана жүзөгө ашыруунун үстүндө көп эмгектер жасалды.

2015-жылдын январынан ушул күнгө чейин Стандартташтыруу жана метрология борборунун директорунун орун басары.

Д.А Урманбетов Кыргызстандарт тутумунда көп жылдар бою эмгектенүү менен өзүн жоопкерчиликтүү жетекчи жана өз ишин берилип аткарган кызматкер катары көрсөтө алды. Өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон салымы үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Грамотасы, Ардак Грамота жана Кыргызстандарттын Каарман эмгеги үчүн” ардак белгиси, Туризм соода жана өнөр-жай министрлигинин Соода –экономика ишинин отличниги” төш белгисинин ээси.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу