Кыргызстандын фасолу Германиянын рынокторунда суроо-талапка ээ болуусу мүмкүн

Новости
10-Февраль 2016-ж.
1938

Урматтуу ишкерлер,

Май айында Германиянын «ImportPromotionDesk» (IPD) баалоо миссиясы болуп өтөт, анда фасоль өстүргөн чарбалар жана ишканалар менен таанышуу жүргүзүлөөрүн билдиребиз.

IPD нын маалыматтары боюнча Кыргызстандын фасолу Германиянын рыногунда калай банкаларга консервациялап өндүрүү үчүн суроо-талапка ээ болуусу мүмкүн.

Ушуга байланыштуу «IPD» кезектеги баалоо миссиясы менен 2016-жылдын май айынын орто чендеринде бир нече ишканалар менен таанышуу үчүн Кыргызстанга келет.

Мындай мүмкүнчүлүктөн пайдалануу үчүн фасоль өстүргөн кызыктар тараптар ишкана жөнүндө маалымат” толтуруусун сунуш кылабыз. (тиркелет)

Ишкана жөнүндө маалыматты” сапаттуу толтурууну сунуш кылабыз, анткени мындан аркы немец адистеринин келүүсү үчүн жана келишим түзүүсүндө компаниянын тандоосу үчүн бул маалымат чоң ролго ээ.

Толтурулган формуляр англ. тилинде төмөнкү дарек менен жөнөтүүнү сунуш кылабыз эл. дарек: : export@trade.kg толтурууда кыйынчылыктар жаралса . (312)90-26-40 тел боюнча кайрылыңыздар.

Ошондой эле ”IPD” жалпы талаптары менен таанышыңыздар.

Ишкана жөнүндө маалымат” жана жалпы талаптардын формулярын көчүрүп алыңыз.

Сурап билүү үчүн: IPD Германияга импорттоого көмөк көрсөтүүчү платформа болуп эсептелет, өнүгүп келе жаткан жана өтмө экономикадагы өлкөлөрдүн ичинен тандалып алынган тышкы соода жүргүзүүчүлөр менен немец импортерлорунун ортосундагы байланыштыруучу звено болуп эсептелет.

IPD суроо-талапка карата иш алып барат жана немец импортерлоруна так макулдашылган жеке суроо талаптын негизинде кызмат көрсөтөт. Ал өнөктөш-өлкөлөрдүн материалдарын жана сырьелорун сатуу үчүн жаңы рынокторду ачууда жана сатууда колдоо көрсөтөт.

Бир эле учурда IPD өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн жана өтмө экономикадагы өлкөлөрдүн ичинен тандалып алынган жеткирүүчүлөрүнө Европа рыногуна жол ачууга көмөктөшөт. Ошону менен өнөктөш-өлкөлөргө экономикалык структурасын күчөтүүдө жана өнүгүү саясатына чоң салым кошот.

Баалоо миссиясынын жүрүшүндө IPD адистери ата-мекендик фасолду Германияга сатуунун жолдорун карап көрөт.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу