Кыргызстан Япониянын бизнес жүргүзүү тажрыйбасы менен таанышты

Новости
10-Февраль 2016-ж.
1818

Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары Данияр Иманалиев, ошондой эле Бизнес ассоциациасынын өкүлдөрү 2016-жылдын 1-февралдан 7-февралга чейин Япониянын Саппоро шаарында бизнес ассоциациалардан жана мамлекеттик жеке сектордун иш тажрыйбасы менен таанышты.

Иш сапардын жүрүшүндө министрдин орун басары Д.Иманалиев Япониянын Экономика, соода жана өнөр-жай министрлигинин Чакан жана орто бизнести өнүктүрүү боюнча департаментинин директорунун орун басары менен жолугушту.

Жолугушууда Тараптар Япониядагы бизнес жүргүзүү, чакан жана орто бизнести каржылоо системасы, бизнеске мамлекеттик колдоо, бизнес-ассоциациалардагы, тармактык федерациялардагы ички ыктыярдуу тартип жана уюштуруу структурасынын маселелери талкууланды.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу