"Ысык-Көл кемечилиги" өндүрүш бирикмеси мамлекеттик ишканасын жана НКЗ ны КР стратегиялык объекттеринин тизмесине киргизүү жөнүндө

Новости
08-Февраль 2016-ж.
2003

КР Экономика министрлиги тарабынан КРӨ нүн ”Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жыл 17-февралдагы”Кыргыз Республикасынын стратегиялык объекттеринин тизмесин бекитүү жөнүндө” токтомуна толуктоолорду киргизүү жөнүндө” токтом долбоору иштелип чыгып белгиленген тартипте Өкмөттүн кароосуна жөнөтүлдү.

Бул долбоор Кыргыз Республикасынын стратегиялык объекттеринин тизмесин "Ысык-Көл кемечилиги" өндүрүш бирикмеси мамлекеттик ишканасын жана нефтини кайра иштетүүчү заводдор менен толуктоону карайт.

Учурда бул тизмеге төмөнкүдөй объекттер киргизилди:

- мамлекеттик башкарууда маанилүү деп эсептелген;

- жашоону камсыздоочу объекттер;

- экономика үчүн маанилүү объекттер жана өтө кооптуу объекттер

КР Өкмөтүнүн бул тизмесине киргизилген объекттерге иштөө режимине жана стратегиялык объекттерди эксплуатациялоодо улуттук коопсуздукту камсыз кылууга багытталган атайын талаптар белгиленет.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу