Мамлекеттик башкаруу жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүктү өнүктүрүү саясатын колдоо иш чаралары талкууланды

Новости
08-Февраль 2016-ж.
2019

Экономика министрлигинде МЖӨнүн жана инвестициялар башкармалыгынын начальниги Алымбек Орозбеков менен, Дүйнөлүк банктын миссиясы менен, команданын жетекчиси жана улук экономист болуп саналган Орельен Круздун жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө мамлекеттик башкаруу чөйрөсүндө жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүктү өнүктүрүү саясатын колдоодогу Программалык операцияда каралган иш чаралар талкууланды.

Программанын негизги максаты - мамлекеттик сектордо башкарууну жакшыртуу жана жеке сектордун атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн бекемдөө үчүн күч-аракеттерди колдоо. Программанын негизги жоболору туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясы (ТӨУС) артыкчылыктарын ошондой эле жеке секторду жана соода интеграциясына көмөк көрсөтүүнү өнүктүрүүгө багытталган демилгелерди чагылдырат.

Атаандаштыкка жөндөмдүүлүк боюнча компонент сооданы өнүктүрүүгө, экспортерлорго көмөктөшүүгө жана бизнес –чөйрөнү бекемдөөгө жана өсүүсүнө дем берүүгө багытталган жеке сектор демилгелеген реформаларды колдойт.

Тараптар программада каралган иш чаралардын көпчүлүгү боюнча жетишилген ийгиликтерди белгилөө менен мындан аркы иш чараларды белгиленген мөөнөттө ишке ашырууга даяр экендиктерин билдиришти.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу