Министр А. Кожошев ЭВФ миссиясы менен болгон жолугушууда КР ЕАЭБ дин алкагында экономикалык өнүгүүсүнүн акыркы тенденциясын талкуулады

Новости
02-Февраль 2016-ж.
1882

2016-жылдын 2-февралында КР Экономика министрлигинде Арзыбек Кожошев Эл аралык валюта фондунун миссиясы менен Э. Джэмайэломи башында турган ЭВФ офисинин КР өкүлү Яхья Саид менен долугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар өлкөдө болгон акыркы тенденциялар жана республиканын соода өнөктөштөрү менен 2016-жылдагы күтүлүп жаткан өнүгүүнүн макроэкономикалык көрсөткүчтөрү, салык саясатында жүргүзүлүп жаткан реформалар жөнүндө талкуулашты.

Министр 2015-жылдын жыйынтыгы менен түзүлгөн негизги макроэкономикалык көрсөткүчтөргө токтолуп, экономикалык кырдаалга таасир этүүчү негизги тышкы жана ички факторлор жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү макроэкономикалык туруктуулукту сактоо үчүн жана өнүгүүдөгү оң динамиканы колдоо үчүн кабыл алып жаткан чаралар жөнүндө токтоло кетти.

Салык саясатында бюджеттик максаттуу көрсөткүчтөргө жетишүү үчүн жүргүзүлүп жаткан реформалардын негизги багыттары келтирилди алар: Салыктан бошотуунун санын кыскартуу менен, бара –бара сатуудан алына турган салыкты алуу , эсепке алуу жана отчеттуулукту жөнөкөйлөтүүнү киргизүү, КНС төлөө тутумун бекемдөө боюнча мыйзам долбоорун киргизүү.

Ошондой эле, министр А. Кожошев салыктык башкарууну бекемдөө, салыктык келип түшүүлөрдүн төмөндөп кетүүсүн компенсациялоо чаралары боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер жөнүндө токтолду.

Инвестицияларды тартуу жана инвестициялардын келип түшүү маселелери өзүнчө талкууланып, бул боюнча министр толук маалыматтарды берди. Мындан тышкары, Экономика министри катышуучуларга Өкмөттүн 2016-жылга Туруктуулук, ишеним жана жаңы мүмкүнчүлүктөр” Планына киргизилген ишкерликти өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү боюнча иш чаралар жөнүндө маалымат берди.

ЭВФ кыргыз тарабына экономикалык саясатты жүргүзүү маселесинде кубаттуулугун жогорулатуу үчүн техникалык жардам көрсөтүү үчүн сунуштарын талкуулоого жана конструктивдик диалогго даяр экендигин билдирди. Аягында ЭВФ туруктуу өкүлү Яхья Саид мындан аркы натыйжалуу кызматташууга даяр экендигин билдирди.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу