Кыргызстан ВСП + Европа биримдигинин колдонуучусу болуп калды

Новости
02-Февраль 2016-ж.
1816

КР Экономика министрлиги тарабынан (ВСП) жалпы преференциялар тутумунан ак ниет башкаруу жана туруктуу өнүктүрүүгө дем берүүнүн атайын схемасын пайдалануу статусун алуу максатында арыз жөнөтүү жөнүндө КР Өкмөтүнүн 18.03.2015-ж №105-р буйругу демилгеленген . Арызга КР Экономика министри кол коюп 2015-жылдын 20-мартында Европа комиссиясына жөнөтүлгөн.

2016-жылдын 29-январында Европа Комиссиясы өз нотасы менен ЕС 978/2012 Регламентинин 10/1 беренесине ылайык, Кыргыз Республикасы ВСП+ статусун алды деп билдирет.

2012-жылдын 25-октябрындагы ЕС 978/2012 Регламентинин 9-беренесине ылайык, ВСП + туруктуу өнүгүүгө дем берүү жана ак ниет башкаруунун атайын схемасы өлкөгө төмөнкү шарттар менен кошумча преференцияларды берет:

- өлкө эл аралык соода системасына жетиштүү түрдө интеграцияланбаган жана диферсификацияланбаган маселелердин натыйжасында алсыз болгон критерийге жооп берүүсү;

- өлкө БУУ жана Эл аралык адам укугу жана адам укугу боюнча эмгекти уюштуруу боюнча 16 эл аралык конвенцияларын ратификациялаган, ошондой эле курчап турган чөйрө менен ак ниет башкаруу боюнча 11 конвенцияны ратификациялаган болсо.

ВСП+ статусунан пайдалануу КР үчүн өз экспорттун Европа Биримдигинин рыногуна диверсификациялоого жаңы мүмкүнчүлүк берүүгө байланыштуу маанилүү болуп эсептелет.

КР 6000 товардык аталыш боюнча Европа биримдигинин өлкөлөрүнө алымдарсыз ташууну ишке ашырууга укук алды. Бул укук негизинен айыл чарба продуктыларына тиешелүү, аларга: жемиштер, кайра иштетилген жемиштер(консервалар, ширелер), кургатылган жемиштер(жаңгак, бадам, мисте) , сырьелор(фасоль, буурчак), тамак аш продуктылары, тамеки, ошондой эле текстиль буюмдары, кийизден жасалган буюмдар, кийимдер, анын ичинде териден жасалган, килемдер ж.б.

Мурда экспортерлор мөмө жемиштин айрым түрлөрүнө 14,6 , % кийим предметтерине 5-9% өлчөмүндө бажы алымдарын төлөчү

Республиканын ВСП+ тутумуна катышуусу менен Евробиримдиктин колдонуудагы бажы алымдарына салыштырмалуу кыргыз экспортерлору көрсөтүлгөн товарларды ЕБ өлкөлөрүнө нөлдүк ставка менен киргизе алат.

Бул КР инвесторлорду тартуу үчүн жана экспортко багытталган ишканларды түзүү үчүн жакшы түрткү берет.

Кыргызызстан адам укугу, эмгек мамилелери, туруктуу өнүктүрүү жана натыйжалуу башкарууга тиешелүү 27 эл аралык келишимдердин катышуучусу болуп эсептелет. ВСП+ преференциясына ээ болуу менен ар бир конвенцияга тиешелүү отчеттуулукту талап кылуу боюнча милдеттенмеге, ошондой эле конвенциянын жоболоруна ылайык ишке ашыруу тартибине үзгүлтүксүз мониторинг жүргүзүүгө милдеттүү.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу