Экономика министрлигинде JDS долбоору боюнча Япониянын кабыл алуучу университеттеринин профессорлору менен жолугушуу болуп өттү

Новости
02-Февраль 2016-ж.
1936

Бүгүн КР экономика министрлигинде JDS долбоору боюнча Япониянын кабыл алуучу университеттеринин профессорлору менен министрликтердин жана ведомстволордун кадрдык кызматынын өкүлдөрү менен жолугушуусу болуп өттү.

Бул жолугушуунун максаты КР JDS долбоорунун программасынын катышуучулары менен Япониянын кабыл алуучу университеттери жана Максаттуу уюмдардын ортосундагы мамилелер жана өз ара түшүнүүчүлүктү тереңдетүү.

Жолугушуунун жүрүшүндө төмөнкү маселелер талкууланды:

- максаттуу уюмдарда адам ресурстарын өнүктүрүү планындагы суроо талаптар;

- уюмдарынын жана өлкөнүн муктаждыгын эске алуу менен

JDS талапкерлерине баа берүүгө жардам көрсөтүү;

- талапкерлердин деңгээлине жана мурунку тажрыйбасына карай JDS стипендиаттарын кабыл алуу тутумун кайра кароодо жардам көрсөтүү;

- ар бир уюмда пайда болгон көйгөйлөрдү чечүүчү жана өз салымын кошуучу кадрларды даярдоо планын түзүүгө көмөктөшүү,

- окуу программасына карай жана кабыл алуучу университеттердин атайын программаларына карата атайын программага ылайык, талапкерлердин сапатын жогорулатуу;

- JDS долбоорунун кайра келген стипендиаттарынын билимдерин жана көндүмдөрүн пайдаланууда максаттуу уюмдардын жоопкерчилиги жана институционалдык ролу

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу