Бишкекте соода тармагындагы орто жана чакан бизнести өнүктүрүү маселелери боюнча талкуу жүрдү

Новости
02-Февраль 2016-ж.
1827

Бүгүнкү 2016-жылдын 3-февралында Ала-Тоо” кинотеатрында болуп өткөн Дордой” соода комплексинин ишкерлери менен болгон жолугушууда соода тармагындагы чакан жана орто бизнести өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелери жана көйгөйлөрү , аларды чечүүнүн жолдору, ошондой эле аларды жөнгө салуучу сунуштар талкууланды.

Иш чарада Вице-премьер-министр КР Олег Панкратов, Экономика министри Арзыбек Кожошев, Социалдык фонддун жетекчилери, Мамлекеттик салык кызматынын жетекчилери, КР Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын, Ички ищтер министрлигинин, Мамлекеттик чек ара кызматынын, КРӨ караштуу монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги, КР Өкмөт Аппаратынын структуралык түзүмдөрүнүн жетекчилери, рынок Ассоциациаларынын өкүлдөрү, соода ишканалары жана тейлөө тармагынын ишканалары, Дордой” СК биргелешкен профсоюзу, КР Улуттук банкы .

Жолугушууну ачып жатып, Вице-премьер-министр О. Панкратов бизнес өкүлдөрү менен болгон жолугушуу бийлик менен ишкерлердин ортосундагы байланышты бекемдеп. Көйгөйлүү маселелерди ачыкка чыгарууга жана андан чыгуунун жолун издөөгө жана жөнгө жөнгө салуу үчүн сунуштарды иштеп чыгууга көмөк көрсөтөөрүн белгилеп кетти. КР ЕАЭБ киргенден кийин пайда болгон маселелердин айрымдары мамлекеттик органдар менен бизнес коомчулуктун өкүлдөрүнүн биргелешкен аракети аркылуу чечилди. Мамлекеттик органдар бизнес менен ачык жана конструктивдүү диалогго даяр Экономика министри А. Кожошев өз сөзүндө Дордой” СК ишинин мыкты жактарын белгилөө менен соода тармагындагы ишкерлердин өлкөнүн экономикасы үчүн маанисин өзгөчө белгилеп кетти. Ошондой эле республиканын евразиялык интеграцияга кошулуусу туура жана өз учурунда кабыл алынган чечим болгондугуна токтолду. ЕАЭБ кирбегенде, Кыргызстандын экономикасына каатчылыктын таасири мындан да катуу тие тургандыгы белгилүү болчу. Болуп жаткан көйгөйлөргө карабастан экономикадагы кризистик кырдаалды ички резервдерди туура пайдалануу менен соодадагы позициябызды сактап калууга мүмкүн экендигин айтты.

Экономика министри ошондой эле министрликтин демилгеси менен ишкердик ишти активдештирүү үчүн максималдуу түрдө жагымдуу шарттарды түзүүгө багытталаган фискалдык саясат тармагында кабыл алынган чаралар; бизнес жүргүзүү үчүн тоскоолдуктарды жоюу, бизнес жүргүзүүгө дем берүүчү салык саясатын киргизүү чаралары менен тааныштырып кетти.

2016-жылдын 1-январынан тарта, товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү экспорттоодо сатуудан алына турган салык алынып салынды, КНС боюнча каттоо чеги 2 эсеге жогорулап, 2016-жылдын 1-июлунан тарта сатуудан алына турган салыктын ставкасы : накталай эмес формада төлөнүүчү КНС салынган же /жана КНС бошотулган товарларды, жумуштарды сатууда , кызмат көрсөтүүдө 0% белгиленди.

Дордой” СК ишкерлери менен Иш чаранын жүрүшүндө Социалдык фондго болгон төлөмдөрдүн жогорулашына , патенттердин баасына, ташылып келген жүктөрдү бажылык тазалоого байланышкан, жүктөрдү мыйзамсыз текшерүү жана кароо, Дордой” СК аймагында иш алып барган акча алмаштыруучу жайларга байланышкан маселелер көтөрүлдү.

Соцфонддун, МСК,МБК, ИИМ жетекчилери ишкерлердин суроолору боюнча түшүндүрмө беришти. Өткөрүлгөн жолугушууда ишкерлердин чектелген гана саны катышкандыгын эске алуу менен ишкерлер бардык кызыккан суроолорго берилген мамлекеттик органдардын түшүндүрмөлөрүн Дордой” СК профсоюзу чыгарган Дордой” газетасына жарыялоону чечти.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу