Министрдин орун басары Иманалиев Д : 2015-2017-жылдарга карата КР экспортун өнүктүрүү боюнча планды актуалдаштыруу жөнүндө

Новости
01-Февраль 2016-ж.
1931

Экономика министрлигинде Айыл чарба жана мелиорация министрлиги, Мамлекеттик бажы кызматы, Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду жана өлкөнүн экспортерлорунун өкүлдөрүнүн катышуусунда КР 2015-2017-жылдарга карай экспортун өнүктүрүү боюнча планын актуалдаштырууну талкуулашты.

Экономика министринин орун басары Данияр Иманалиев кириш сөз менен чыгып сүйлөп, мамлекет өзүнүн атаандаштык мүмкүнчүлүгүн натыйжалуу пайдалана алган экспортту өнүктүрүүнүн приоритеттүү багыттарын туура тандоонун маанилүүлүгүн белгилеп ,чыгарыла турган товарлардын көлөмү боюнча жана сапаты боюнча эл аралык суроо талапка жооп бере ала турган ишканалардын кубаттуулугун арттыруунун маанилүү экендигине токтолду.

Ишкерлердин ишин кеңейтүү үчүн капиталды көбөйтүүгө болгон ишкерлердин суроо талабын эске алып, Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун өкүлдөрү ишкерлерге жылына 12% менен бир жылдык жеңилдетилген мөөнөтү менен 5 жылга бериле турган жеңилдетилген насыя алуу үчүн арыздарын берүү мүмкүнчүлүгү жөнүндө маалымат берди. Мындан тышкары, КОӨФ февралдын орто ченинде КОӨФ Кеңешинин жыйыны пландаштырылууда, анда насыяларга болгон пайыздык ставкаларды төмөндөтүү жана төлөмдөрдүн мөөнөтүн узартуу маселеси каралат.

Ошондой эле фонддун колдоосу баарыдан мурда инфраструктураны колдоого, өндүрүшкө, импортту алмаштырууга жана экспортко багытталган өндүрүштү колдоого багытталат, эгерде долбоордун жалпы суммасы 3 млн.АКШ долларын түзө турган болсо, фонд тарабынан каржылануусу мүмкүн, ал эми башка учурларда коммерциялык банктарга кайрылуу зарыл экендигин белгилешти.

Ошондой эле МБК өкүлдөрү жашыл коридор жөнүндө маалымат менен бөлүшүштү жана экспортерлорду жүктөрдү Торугат, Иркештам пункттары аркылуу тоскоолдуксуз ташуу мүмкүнчүлүгүнөн пайдаланууга чакырды.

Жалпысынан, жолугушуунун катышуучулары ишкерлердин 2015-2017-жылдарга карай экспортту өнүктүрүү боюнча КРӨ нүн Планын актуалдаштыруу боюнча сунуштарын талкуулашты, анын жыйынтыгы боюнча Экономика министрлиги 2015-жылдын 31-мартындагы токтому менен Планга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизет.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу