Ишкер чөйрөнүн өкүлдөрү 2016-жылды жаңы мүмкүнчүлүктөрдүн жылы деп эсептешет

Новости
07-Февраль 2016-ж.
1975

Экономисттер, бизнес-эксперттер ишкер чөйрөнүн өкүлдөрү кирип келе жаткан жыл жаңы мүмкүнчүлүктөрдүн жылы деп эсептешет. Ишкер чөйрө чакан жана орто бизнестин кызыкчылыктарын алдыга жылдыруу үчүн болгон күч аракетти жумшоо зарыл экендигин белгилешүүдө.

Бүгүн Экономика министрлигинин аянтчасында Соода -өнөр-жай палатасы жана бизнес ассоциациясы менен биргеликте уюштурулган тегерек столдо чакан жана орто бизнести өнүктүрүү жолдору талкууланды.


Алдыңкы экономиканы өнүктүрүү тарыхы боюнча дүйнөлүк тажрыйба көрсөткөндөй, ЧОБ тин өкүлү өз алдынча ички жана тышкы рынокко чыгуусу кыйын. Мамлекеттин жана бизнес-ассоциацианын ЧОБ өнүктүрүү инструментин түзүү боюнча колдоосу зарыл. Өнүгүүнүн натыйжалуу инструменти болуп өнөр жай парктары болуп эсептелет, ал аркылуу кошумча инвестицияларды тартуу үчүн кенен мүмкүнчүлүк ачылат. Мындан тышкары, өнөр жай паркына биригүү менен тышкы рынокко чыгуу жеңил.

Тегерек столдо, экономикалык өнүгүү модели олутту натыйжаларга алып келген дүйнөнүн алдыңкы өлкөлөрүнүн тажрыйбасына көңүл бурулду.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу