2016-жылдын 13-январында КР Экономика министри Арзыбек Кожошев Пакистан Ислам Республикасынын энергетика жана суу ресурстары министри Хаваджа Муххаммад Асиф менен жолугушту

Новости
12-Январь 2016-ж.
2081

КР Экономика министри ПИР энергетика жана суу ресурстары министри менен жолугушууда «CASA-1000» долбоорун талкуулашты.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки өлкөнүн ортосундагы товар жүгүртүүнүн олуттуу эмес экендигине көңүл бурушту, бул эки өлкөнүн потенциалына жооп бербейт жана соода кызматташтыгын жогорулатуу зарылчылыгы жөнүндө белгилей кетишти.

Пакистандын Кыргыз Республикасы менен болгон товар жүгүртүүсү болгону 4,1% жалпы , анын ичинде 0.4% экспорт, 5,3% импорт.

2015-жылы КР менен ПИР тышкы соода жүгүртүүсү 4.5млн.долл түздү.

Тараптар «CASA-1000» долбоорунун статусун талкуулашты.

Пакистан тарапка энергетика, калыбына келүүчү энергия булактары тармагында тажрыйба алмашуу мүмкүнчүлүгүн кароо сунуш кылынды, ошондой эле КР ЕАЭБ мүчөлүгүн эске алуу менен, КР аймагында фармацевтика жаатында, жүндөн жана жарым жартылай жүндөн кездеме өндүрүү үчүн биргелешкен ишканаларды ачуу менен ЕАЭБ дин башка мүчө-өлкөлөрүнө сатуу сунуш кылынды.

Тараптар Энергетика жана суу ресурстар министри Хаваджа Мухаммад Асифтин визити кыргыз-пакистан кызматташуусунун активдешүүсүнө алып келээрине ишеним артты

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу