Германиянын эл аралык эксперти Кыргызстандык Улуттук стандартташтыруу тутуму менен таанышат

Новости
11-Январь 2016-ж.
1955

2016-жылдын 11-16 январында Эл аралык кызматташуу боюнча Германия коомчулугунун (GIZ) долбоорунун алкагында Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы Стандартташтыруу жана метрология борборуна Герман стандарттар институтунун эл аралык эксперти Эггерт Марина визит менен келди.

Визиттин максаты- КР стандартташтыруу боюнча улуттук тутумун иликтөө, стандартташтыруу боюнча (ТК) Техникалык комитеттердин ишин жана стандартташтыруу жол-жоболору жаатында талдоо жүргүзүү, ошондой эле КР сапат инфраструктурасынын тутуму менен таанышуу.

13-январда СМБ кызматкерлерине ”Стандарттарды иштеп чыгуу- эл аралык талаптар жана мыкты тажрыйба” темасында семинар өткөрүү пландаштырылууда

14-январда кеңейтилген аудитория үчүн Техникалык комитеттердин ишин сапат менеджменти жана энерго натыйжалуулук тутуму боюнча немец комитеттеринин үлгүсүндө уюштуруу” темасы боюнча семинар өткөрүлөт.

Иш чаралардын аягында эл аралык тажрыйбаны эске алуу менен мындан ары КР Улуттук стандартташтыруу тутумунун ишин жакшыртуу боюнча сунуштарды берүү менен жыйынтык чыгаруу пландаштырылган.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу