Талас облусунун ишкер айымдары финансылык сабаттуулукка, бизнес пландоону окуп жатышат

Новости
11-Январь 2016-ж.
2734

2016-жылдын 11-13-январында Аялдардын ишкердигин өнүктүрүү” долбоорунун алкагында Талас облусунун ишкер аялдары финансылык сабаттуулукка, бизнести пландоону , лидерлик жана байланышуу ыкмаларын окуп башташты.

Долбоордун аткаруучу агенттиги болуп, Азия Өнүктүрүү Банкы тарабынан Жакырчылыкты жоюу боюнча Япон фонду аркылуу каржылануучу КР Экономика министрлиги эсептелет .

Тренингде катышуу үчүн, өндүрүш тармагында, кызмат көрсөтүү , кол өнөрчүлүк, айыл чарба продукциясын кайра иштетүү тармагында иш алып баруучу 25-кичи ишкер аялдар тандалып алынды,

Өткөрүлүп жаткан семинарлар жана кеңеш берүү кызматы айылдык аялдар үчүн, мындан ары жеке бизнесин алып баруу үчүн жана жеке өсүүсү үчүн финансылык сабатын жоюуга, лидерлик сапаттарын жогорулатууга жол ачат. Окутуунун аягында финансылык кызмат көрсөтүүгө жол ачуу укугу менен сертификаттар, күбөлүк тапшырылат .

Ушул жылдын 14-16 январында ушул эле долбоордун алкагында «Бай-Тушум», «Айыл Банк» Банктарынын Талас облусу боюнча өнөктөштүктү каржылоо уюмдарынын өкүлдөрүнүн Гендердик талаптарды эске алуу менен ишкерлерди каржылоону ишке ашыруу” тренинги болуп өтөт.

Жогоруда келтирилген финансылык уюмдардын насыя боюнча адистери ишкер аялдардын талаптарына шайкеш финансылык кызмат көрсөтүүнү жана аныктоону үйрөнүшөт.

Окуу процесси, жаңы финансылык кызмат көрсөтүүнү иштеп чыгууда жана көрсөтүүдө гендердик жана социалдык аспект тарбынан, өнөктөш финансы уюмдарынын кызматкерлеринин дараметин жогорулатууга багытталган

Долбоордун негизги максаты, Кыргызстандын кичи шаарларындагы жана айыл райондорундагы аялдардын жашоо деңгээлин ишке- аялдардын экономикалык активдүүлүгүнө дем берүү аркылуу көтөрүү жана аял ишкерлер үчүн финансылык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатуу.

Долбоордун адистери жана эксперттер биринчи кезекте, ишкер-аялдар үчүн ыңгайлуу болгон жаңы жана модификацияланган финансылык кызмат көрсөтүүнү ишке киргизишет.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу