Экономика министрлигинде текстиль жана тигүү тармагынын көйгөйлүү маселелерин талкуулашты

Новости
02-Декабрь 2015-ж.
1950

2015-жылдын 30-октябрында Экономика министрлигинде «Союзтекстиль» текстиль өнөр жай ишканаларынын ассоциациясы жана «Легпром» Кыргыз Республикасынын Жеңил өнөр жай ишканаларынын ассоциациясынын өкүлдөрү менен текстиль жана тигүү тармагынын көйгөйлөрүн талкуулоо боюнча жолугушуу болуп өттү.

Акыркы убакта текстиль өндүрүшүндө, анын ичинде кийим, бут кийим жана башкалардагы терс динамика 16,3 % белгиленүүдө.

Түзүлгөн кырдаалдын себеби: продукцияга болгон баанын төмөндөшү; заказчылардын төлөө мүмкүнчүлүгүнүн жоктугу; ата мекендик продукциянын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүнүн болбошу жана өнүгүүгө жүгүртүүчү каражаттардын жетишсиздиги болду.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу