Экономика министрлиги валюталык рыноктордогу абалды байкоого алууда

Новости
02-Декабрь 2015-ж.
1984

Социалдык-экономикалык өнүгүүгө карата валюта курсунун өзгөрмөлүүлүгүнүн таасирин азайтуу максатында Өкмөт жыл башынан тарта Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) өлкөлөрүндөгү экономикалык абалга, анын ичинде белгилүү чаралар көрүлүп жаткан валюталык рыноктордогу абалга байкоо салуу боюнча белгилүү иштер жүргүзүлүүдө.

Атап айтканда, 2015-жылга карата Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Иш-чаралар планынын мониторинги жүзөгө ашырылууда, анда 38 пункттан турган иш-чаралар каралган, негизинен, кризиске каршы иш-чаралар интеграцияланган тышкы жана ички жагымсыз факторлордун бир кыйла күчтүү таасир берген мезгилде экономиканы өнүктүрүүнү жана социалдык туруктуулукту камсыз кылууга багытталган.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу