Министр А.Кожошев ишкердик ишин жөнгө салуу реформасын ишке ашыруунун жүрүшүн айтып берди

Новости
17-Ноябрь 2015-ж.
1901

Бүгүн Жөнгө салуучулук реформа боюнча кеңеш ишкердик ишин жөнгө салуучу ченемдик-укуктук актыларды талдоо жана баалоо – «Жөнгө салуунун тутумдук талдоосу» жөнгө салуучулук реформанын экинчи этабын карап чыкты.

Мамлекеттик органдардан азыркы күндө келген сунуштамалар төмөнкүлөр:

- 79% документти өзгөртүүлөрсүз калтыруу сунушталды;

- «Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актылары жөнүндө» Мыйзамга ылайык 2% документтер жарыяланган эмес жана жарыяланууга сунушталган;

- 1% документтен айрым ченемдерди алып салуу сунушталды;

- 8% документ күчүн жоготту деп табуу сунушталды;

- 10% документке өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү сунушталды.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу