Бишкекте экспортту жана экспортту колдоо боюнча мамлекеттик программаны өнүктүрүүдө Түркиянын тажрыйбасы көрсөтүлдү

Новости
17-Ноябрь 2015-ж.
1972

Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине караштуу «Тышкы соода чөйрөсүндө «бир терезе» борбору» Мамлекеттик ишканасы (БТБ МИ) Түркия Республикасынын Экономика министрлиги менен биргеликте ПРООНдун «Соодага көмөктөшүү» Программасынын колдоосу менен «Экспортту жана экспортту колдоо боюнча мамлекеттик программаны өнүктүрүүдө Түркиянын тажрыйбасы» аттуу окутуучу семинар өткөрүштү.

Семинардын катышуучулары – бизнес-ассоциациялардын өкүлдөрү, потенциалдуу жана иштеп жаткан экспортерлер, ошондой эле мамлекеттик органдын кызматкерлери Түркиядагы соода жана экспорттун өнүгүү саясаты менен таанышып чыгышты.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу