Жергиликтүү бийлик органдарынын өкүлдөрү региондорду өнүктүрүү фонддорунун ишинин принциптери менен таанышып чыгышты

Новости
15-Ноябрь 2015-ж.
2008

Региондорду өнүктүрүү фонддорун түзүү жана башкаруу маселелери боюнча Жалал-Абад областынын Чаткал жана Ала-Бука райондорунда жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын, айыл башчыларынын жана айыл өкмөттөрүнүн башчыларынын, ЖӨБ органдарынын финансылык-экономикалык бөлүмдөрүнүн начальниктеринин жана жергиликтүү коомдордун, региондорду өнүктүрүү фонддорунун лидерлеринин катышуусунда тренингдер болуп өттү.

Бул окутуу семинарларды Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги жана Финансы министрлиги Борбор Азиядагы Евразия Фонду менен биргеликте «Сорос-Кыргызстан» Фондун финансылык жактан колдоосу менен Борбор Азиядагы Евразия Фонду ишке ашырган «Региондорду өнүктүрүү фонддору аркылуу жергиликтүү деңгээлде тоо кен казуучу компаниялардын кирешелерин ачык-айкын жана натыйжалуу башкаруу» долбоорунун алкактарында уюштурушту.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу