Экономика министрлиги жыл сайын өтүлүүчү Мамлекеттик органдардын кызматкерлеринин спартакиадасына жигердүү катышууда

Новости
03-Ноябрь 2015-ж.
1904

Экономика министрлиги дене тарбия, спорт жана сергек жашоо мүнөзүн жайылтуу жана үгүттөө максаттарында Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик органдардын кызматкерлеринин спартакиадасына жигердүү катышууда

Үстүбүздөгү жылдын 4-ноябрынан 9-ноябрына чейинки мезгилде борбордун спорт аянтчаларында Спартакиаданын II этабы башталууда. Министрликтин 26-октябрындагы буйругу менен спорт мелдештеринин катышуучуларынын курамы менен мелдешүү графиги бекитилген.

Спартакиаданын 1-этабы 2015-жылдын 18-сентябрынан 8-октябрына чейинки мезгилде министрликтин бардык залдарында жана башка спорттук жайларда спорттун төмөнкү түрлөрү боюнча болуп өткөнүн белгилей кетебиз: армрестлинг, бильярд, волейбол, гиря спорту, дартс, мини-футбол, жеңил атлетика, стол үстүндөгү теннис, ок атышуу, тогуз коргоол, шахмат жана аркан тартышмай.

Министрликтин түзүмдүк, региондук жана ведомстволор алдындагы бөлүмдөрүнүн мыкты спортчу кызматкерлерине Мактоо баракчалары жана акчалай сыйлыктар берилди.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу