2015-жыл Кыргыз Республикасын 2030-жылга чейин өнүктүрүүдө туруктуу өнүктүрүү максаттарын түзүү боюнча жаңы «башталыш чекити» болуп келе жатат

Новости
04-Ноябрь 2015-ж.
2017

2015-жылдын 4-ноябрында Бишкекте «Жашыл экономика» Форуму болуп өттү. Экономика министрлигинин статс-катчысы Айдай Курманова форумду ачып жатып, катышуучуларды 2017-жылга чейин Кыргыз Республикасын Туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясында белгиленген Кыргыз Республикасынын туруктуу өнүгүүгө карата багытталган негизги багыттары менен тааныштырып өттү. «2015-жыл Кыргыз Республикасын 2030-жылга чейин өнүктүрүүдө туруктуу өнүктүрүү максаттарын түзүү боюнча жаңы «башталыш чекити» болуп келе жатат,»- деп билдирди Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин статс-катчысы.

Анын сөзү боюнча, дүйнөлүк коомчулук ушул жылдын сентябрында Миңжылдыктын өнүгүү максаттарынын улантуучусу болгон Туруктуу өнүктүрүүнүн жаңы глобалдуу максаттарын кабыл алуу аркылуу туруктуу өнүктүрүүнүн узак мөөнөттүү концепти жөнүндө жарыялады, бирок анда шаарлардын туруктуулугун өнүктүрүү максаттарын, энергиянын туруктуу булактарына жеткиликтүүлүктү камсыздоо жана туруктуу экономикалык өсүшкө жардамды камтуучу өнүктүрүүнүн бир кыйла кеңири, жаңы багыттары киргизилген.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу