Транспорт каражаттарынын электрондук паспортторун тариздөө боюнча презентация болуп өттү

Новости
29-Октябрь 2015-ж.
2142

2015-жылдын 28-октябрында Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Техникалык жөнгө салуу жана аккредитация департаментинин өкүлдөрү И.Новиков, В.Школина жана «Электрондук паспорт» ААКсынын өкүлү Б.Ионов, Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын жардамы менен Транспорт каражаттарынын паспортунун (транспорт каражатынын шасси паспорту) жана өзү жүрүүчү машинанын жана техниканын башка түрлөрүнүн паспортунун бирдиктүү формаларын киргизүү, электрондук паспорттордун системаларын уюштуруу жөнүндө макулдашууну ишке ашыруу боюнча семинар болуп өттү.

Бул семинарга жогоруда аталган транспорт каражаттарынын электрондук паспортторун тариздөө боюнча презентациялар менен таанышып чыккан Ички иштер министрлигинин, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, Мамлекеттик техникалык инспекциянын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын, Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине караштуу Кыргыз аккредитация борборунун, айыл чарба жана мелиорация министрлигинин өкүлдөрү катышышты.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу