Жумалиев Зайнидин Калидинович - Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин Региондор аралык башкармалыгынын башчысы, мамлекеттик кызматтын 1-класстагы кеңешчиси.
Билими: Жогорку
1. СССРдин 50 жылдыгы ат. Кыргыз Мамлекеттик университети, “Экономика жана пландоо” адистиги.
2. СССРдин 50 жылдыгы ат. Кыргыз Мамлекеттик университети, “Юрисприденция”.
Илимий даражасы - Бишкек ш. КЭУ изденүүчү
Иш тажрыйбасы:
1981-1991-ж.ж. “Кыргызметаллоапторг” бирикмесинин филиалынын инженери, участоктун начальниги, директор.
1991-1997-ж.ж. “Кыргызвтормет” бирикмесинин башкы директорунун орун басары.
1997-2004-ж.ж. “Кыргыз Темир” АК вице-президенти.
2004-2007-ж.ж. Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү, өнөр жай жана соода министрлигинин Чүй облустук башкармалыгынын начальниги.
2007-2016-ж.ж. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин Түндүк региондор аралык башкармалыгынын жетекчиси.
2016-жылдан бери Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин Региондор аралык башкармалыгынын жетекчиси.
Сертификаттары:
2008-жылы - Азия Өнүктүрүү Банкынын жана Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү жана соода министрлигинин, “Development of Matrix of Indication for Monitoring and Evaluation of Regional Development Programs” сертификаты - Ысык-Көл, Кыргыз Республикасы.
2009-жылы - OVOP International Exchange Promotion Committee, окуу курсун ийгиликтүү аяктагандыгы үчүн “One Village One Product Movement” сертификаты - Оита шаары, Япония.
2010-жылы - In Went Capacity Building International Germany, окуу семинарына ийгиликтүү катышкандыгы үчүн “Региондук экономикалык өнүктүрүү чакан жана орто бизнес жана бизнести өнүктүрүү боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү провайдерлер үчүн экспорттук тобокелдикти талдоо” сертификаты - Кыргызстан.
2013-жылы - Ислам өнүктүрүү банкы “Trade and Development” семинарына катышкандыгы сертификат - Куала Лумпур, Малайзия.
2016-жылы - “Local Industry Promotion through Product Development and Sales and Public Private Partnership” программасын түзүү боюнча сертификат - Нагоя шаары, Япония.
Сыйлыктары:
2007-жылы - Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү жана соода министрлигинин Ардак грамотасы.
2008-жылы - “Чүй облусунун социалдык-экономикалык потенциалын арттырууга кызмат көрсөткөндүгү үчүн” КР Чүй мамлекеттик облустук администрациясынын Ардак грамотасы.
2008-жылы - Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү жана соода министрлигинин Ардак грамотасы.
2015-жылы - “Мамлекеттик кызматты өркүндөтүүгө жана реформалоого кошкон орчундуу салымы, мамлекеттик кызмат чөйрөсүндөгү мыйзамдарды сактоо боюнча иштеринде жогорку көрсөткүчтөргө жетишкендиги үчүн” КР Мамлекеттик Кадр кызматынын Ардак грамотасы.
2015-жылы - “Мыкты устат” наминациясы, Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин диплому.
2016-жылы – “Ак ниет эмгеги үчүн жана Кыргыз Республикасынын финансылык жана экономикалык кызматкерлеринин күнү кесиптик майрамын майрамдоого байланыштуу” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын Ардак грамотасы.
Төш белгилери:
2009-жылы - “КР Экономика министрлигинин отличниги”.
2010-жылы - “Кеменгер”.
2016-жылы – “КР Мамлекеттик кызматынын отличниги”.