Жапаров Акылбек Усенбекович

Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары-Министр

  • Телефон:+996(312) 66-05-04; +996(312) 62-37-39
  • Fax:+996 (312) 66-16-45
  • E-mail:minfin@minfin.kg

Акылбек Жапаров 1964-жылы 14-сентябрда Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында туулган. Билими жогорку. 1986-жылы Фрунзе ш. Политехникалык институтунун “Автомобиль жолдору” факультетин аяктаган, 2002-жылы Бишкек финансы-экономикалык академиясынын “Уюмдардын менеджменти” факультетин, 2011-жылы Юридикалык академияны аяктап, юрист адистигин алган.


1986-жылы эмгек жолун Фрунзе Политехникалык институтун “Автомобиль жолдору” кафедрасында кенже илимий кызматкер катары баштаган.


1987-1991-жж- ФПИнин комсомол комитетинин катчысы. ВЛКСМ БКнын мүчөсү


1991-1992-жж. - “Толкун” ЖЧКнын башкы директорунун орун басары


1992-1993-жж. - КР Президентинин Аппаратынын жаштар саясаты маселеси боюнча бөлүм башчысы, КР Өкмөтүнүн Аппаратынын жаштар саясаты маселеси боюнча бөлүм башчысы 


1993-1995-жж. - КСДПнын жооптуу катчысы-аппарат жетекчиси


1995-1996-жж. - КРдин биринчи вице-премьер-министринин жардамчысы


1996-1997-жж. - КР Президентине караштуу Баалуу кагаздар боюнча улуттук комиссиянын мүчөсү.


1997-2000-жж. - КР Каржы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык инспекциясында башкы мамлекеттик салык инспектору, Төлөмдөрдү алуу башкармалыгынын жетекчиси.


2000-2005-жж. - КР Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруучу жыйынынын депутаты, Салык, бажы жана башка төлөмдөр боюнча комитеттин төрагасы. 


2005-2007-жж- Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министри, Кыргыз Республикасынын Финансы министри.


2007-ж. декабры - 2009-жылдын октябры - Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү жана соода министри.


2009. октябры - 2010-ж. апрели - КР биринчи вице-премьер-министри.


2010. ноябры - 2011-ж. декабры - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, Бюджет жана финансы боюнча комитеттин төрагасы.


2011-2012-жж- Кыргыз Республикасынын Финансы министри.


2010-жылдан бери - Т.Рыскулов атындагы Кыргыз Экономикалык Университетинин ардактуу профессору.


2015-жж- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты.


Экономика илиминин доктору, профессор” илимий даражасынын ээси.

Финансылык-экономикалык ишине кошкон салымы үчүн “Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген экономисти”, профессор, Россия Федерациясынын Табигый илимдер академиясынын академиги Ардак наамы ыйгарылган. 

Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен 2-даражадагы Мамлекеттик кеңешчи ардактуу чени ыйгарылган.


Үй-бүлөлүү, үч баланын атасы.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу