Туулган жылы: 1983-ж. 19-октябрь
Билими:
Ж. Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук Университети (2000-2005-жж.) Юридикалык факультет, адистиги-юриспруденция.
Иш тажрыйбасы:
Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине караштуу “Тышкы соода чөйрөсүндөгү “Бирдиктүү терезе” борбору” мамлекеттик ишканасы (2009-жылдан азыркы мезгилге чейин)
Кызматы: Башкы директордун орун басары - тескөө багыттары боюнча жалпы жетекчиликти жүзөгө ашыруу:
- экспортту өнүктүрүү жана илгерилетүү маселелерин координациялоо.
- тышкы соода чөйрөсүндөгү “бирдиктүү терезе” принцибин киргизүү маселелерин координациялоо.
Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүгүү жана соода министрлиги (2007-2009-жж.).
Кызматы: Стратегиялык жардам башкармалыгынын башкы адиси – эл аралык финансы институттарынын (ЭФИ) жана донордук уюмдарынын долбоорлорун координациялоо;
- мамлекеттик тышкы карыз алууларды жана өнүктүрүүнүн расмий жардамдарын пайдалануунун натыйжалуулугун пландоо жана баалоо программаларын иштеп чыгуу;
- экономиканын артыкчылыктуу багыттарына ылайык тышкы жардамдарды тартуу маселелерин иштеп чыгуу;
- ЭФИ жана донор өлкөлөр менен кызматташуу боюнча сунуштарды даярдоо;
- финансылык-экономикалык документтердин, МФИ жана донор өлкөлөр менен макулдашуулардын жана келишимдердин долбоорлорун даярдоо жана экспертизалоо;
- Кыргыз Республикасында ЭЭЗ иштөө саясаты маселелери боюнча иштер.
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги (2006-2007-жж.):
Кызматы: Укуктук экспертизалар жана соттук колдоо башкармалыгынын адиси.
- Министрликтин мыйзам долбоорлоо иштерин координациялоо жана жалпылоо;
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун иштеп чыгуу;
- Кыргыз Республикасынын ЧУА долбоорлорун экспертизадан өткөрүү жана редакциялоо;
- ЧУА долбоорлорунун КР мыйзамдарынын талаптарына ылайык келишин текшерүү;
- Министрликтин иш чөйрөсүндө эл аралык келишимдердин долбоорлорун иштеп чыгууга, экспертизалоого жана макулдашууга катышуу;
- Министрликтин түзүмдүк бөлүмдөрүнүн учурдагы мыйзамдардын маселелери боюнча маалымдама-маалыматтык тейлөөсүн ишке ашыруу.
Окутуу курстары:
- Бизнести башкаруу боюнча Курс (МВА – бизнес башкаруу боюнча программа) Адамды өнүктүрүү кыргыз-япон борбору – 2013-ж. Бишкек ш.;
- Мамлекеттик кызматчылардын квалификациясын жогорулатуу курстарынын сертификаты (Ж.Баласагын ат. КУУнун квалификацияны жогорулатуу жана үзгүлтүксүз билим берүү борбору.);
- Заемдук каражаттарды пайдалануу маселелери боюнча Азия Өнүктүрүү Банкынын окуу семинарынын сертификаты Бишкек ш.;
- БУУӨПтүн “Соода жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү” маселелери боюнча окуу семинарынын сертификаты” Бишкек ш.;
- БУУӨПтүн “Потенциалды өстүрүү боюнча механизмдер” долбоорунун алкагында Электрондук лидерлик боюнча жетекчилер үчүн семинарынын сертификаты, Бишкек шаары, 2013-ж.;
- “Грузиянын экономикалык саясаты” курстарынын катышуучусу. Тбилиси, Грузия 2011-ж.;
- “Integrityaction” Эл аралык өкмөттүк эмес уюмдун “Оратордук чеберчилик жана эл алдында сүйлөө” тренингдеринин сертификаты. Бишкек ш., 2013-ж.;
- Инвестициялар чөйрөсүндө тажрыйба алмашуу. Варшава, Польша, (2008-ж. ноябрь-октябрь);
- “Бирдиктүү терезе”, соода жол-жоболорун жөнөкөйлөтүүдө ведомстволор аралык жана мамлекеттик-жеке кызматташтык” конференциясынын делегаты. Москва ш., 2011-ж.;
- ДБУ Окуу борбору “Бирдиктүү терезени” иш жүзүнө ашыруу боюнча Азербайжан иш тажрыйбасын үйрөнүү. Баку шаары, Азербайжан, 2010-ж.;
- “Жакырчылыкты кыскартуу жана аны иш жүзүндө колдонуу” окуу семинарынын сертификаты. Пекин ш., Харбин ш., КЭР (2008-ж. май-июнь);
- “PMI PMBOK стандарты боюнча долбоорду башкаруу” Азия Өнүктүрүү Банкынын окутуу семинарынын сертификаты. Бишкек ш.
Кошумча:
Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүгүү жана соода министрлигинин Ардак грамотасы, 2009-ж.;
- ПК тажрыйбалуу колдонуучу.