Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүү (иштерди) үчүн акы төлөөнүн өлчөмүн аныктоо тартибин бекитүү жөнүндө

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү, 2000-жылдын 26-октябры N 637

Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүү (иштерди) үчүн акы төлөөнүн өлчөмүн аныктоо тартибин бекитүү жөнүндө

(КР Өкмөтүнүн 2002-жылдын 4-февралындагы N 45, 2015-жылдын 27-октябрындагы № 757 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

"Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын негизинде, Акы төлөтүүчү кызмат көрсөтүүлөргө (иштерге) тарифтерди (баа) түзүүнүн бирдиктүү методологиялык припциптерин белгилөө, керектөөчүлөрдүн жана ишкерлердин укуктарын коргоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Тиркелген: Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүү (иштерди) үчүн акы төлөөнүн өлчөмүн аныктоо тартиби бекитилсин.

(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 27-октябрындагы № 757 токтомунун редакциясына ылайык)

2. Акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөр экономиканын реалдуу секторунүн өнүгүшүн чектөөгө тийиш эместиги белгиленсин.

3. Аткаруу бийлигинин органдарына жана алардын түзүмдүк жана аймактык бөлүктөрүнө, мамлекеттик жана муниципалдык мекемелерге функционалдык милдеттерин аткаруу үчүн акы алууга тыюу салынсын.

(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 27-октябрындагы № 757 токтомунун редакциясына ылайык)

4. (КР Өкмөтүнүн 2002-жылдын 4-февралындагы N 45 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

5. Төмөнкулөр күчүн жоготту деп табылсын:

- "Кыргыз Республикасынын монополияга каршы мыйзамдарын сактоону жана керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоону кызмат көрсөтүүчү чөйрөлөрүндө камсыз кылуу чаралары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 27-январындагы N 38 токтому;

- "Мамлекеттик башкаруу органдары тарабынан көрсөтүлүүчү акы төлөтүүчү кызматтарга баа түзүүнүн методикасы жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 26-июнундагы N 390 токтому;

- "Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Атаандаштыкты коргоп жана өнүктүрүү боюнча улуттук комиссиясынын иш-аракетинин маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүү киргизүү жана күчүн жоготту деп табуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 1-мартындагы N 112 токтомунун 1-пунктунун "б)" жана "в)" пунктчалары.

6. Министрликтер, административдик ведомстволор мамлекеттик комитеттер, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүү маселеси боюнча өзүлөрүнүн нормативдик актыларын ушул токтомго ылайык келтиришсин.


Кыргыз Республикасынын Премьер-министри


А.Муралиев


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу