⚠️ ВНИМАНИЕ! Данный сайт министерства больше не актуален. Перейдите на новый официальный сайт министерства: 🔗 Перейти сейчас
”Көзкарандысыз Мамлекеттер Шериктешигине катышуучу мамлекеттердин аймактарында жүк ташуучу транспорт каражаттарын таразага тартуу эл аралык күбөлүгүн киргизүү жөнүндө Келишимин жана Чек араларда жүктөрдү макулдашылган контролду жүргүзүү тууралуу Эл аралык Конвенциянын 8-тиркемесин имплементациялоону ишке ашыруу чаралары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун долбоору жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун ушул долбоору Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын   6-авгусундагы №136 мыйзамы менен ратификацияланган, Чолпон-Ата шаарында 2004-жылдын 16-апрелинде кол коюлган Көзкарандысыз Мамлекеттер Шериктешигине катышуучу мамлекеттердин аймактарында жүк ташуучу транспорт каражаттарын таразага тартуу эл аралык сертификатын киргизүү жөнүндө Келишимин ишке ашыруу жана Кыргыз Респуликасынын 1997-жылдын   19-декабрындагы №92 мыйзамы менен ратификацияланган, Чек араларда жүктөрдү макулдашылган контролду жүргүзүү тууралуу Эл аралык Конвенцияны имплементациялоо максатында, ошондой эле транспорт көзөмөлдөө пункттарында  жүк ташуучу транспорт каражаттарын таразага тартуу жол-жоболорун тартипке келтирүү үчүн жана “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык иштелип чыккан.

Авторы проекта(Контакты, данные, информации)