Долбоор
Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн токтому
«Банкроттук процесс жол-жоболорун колдонуу тартиби жөнүндө эрежелерин бекитүү жөнүндө»
“Банкроттук (Кудуретсиздик) жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык банкроттоо процессинин жол-жоболорун колдонуу максатында, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Банкроттук процесс жол-жоболорун колдонуу тартиби жөнүндө тиркелген Эрежелер бекитилсин.
2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 30-декабрындагы № 865 “Банкроттук процессинин жол-жоболорун колдонуу тартиби жөнүндө эрежелерди бекитүү тууралуу” токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 1-сентябрындагы № 509 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтомунун 2-пункту;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 30-сентябрындагы № 665 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтомунун 4-пункту;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 29-майындагы
№ 318 “Банкроттук процессинин процедураларынын колдонуунун тартиби жөнүндө эрежени бекитүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 30-декабрындагы № 865 токтомуна өзгөртүүлөр жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 3-сентябрындагы № 385 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтомунун 1-пункту;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-июнундагы
№ 399 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын
30-декабрындагы № 865 “Банкроттук процессинин жол-жоболорун колдонуунун тартиби жөнүндө эрежелерди бекитүү тууралуу” токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө” токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 28-сентябрындагы № 664 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын
30-декабрындагы № 865 “Банкроттук процессинин жол-жоболорун колдонуунун тартиби жөнүндө эрежелерди бекитүү тууралуу” токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 12-январындагы № 17 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 30-декабрындагы № 865 “Банкроттук процессинин жол-жоболорун колдонуунун тартиби жөнүндө эрежелерди бекитүү тууралуу” токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 15-декабрындагы № 809 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын
30-декабрындагы № 865 “Банкроттук процесстин жол-жоболорун колдонуунун тартиби жөнүндө эрежелерди бекитүү тууралуу” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” токтому.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.