Инвестициялык виза
7141

ИНВЕСТИЦИЯЛЫК ВИЗА

Инвестициялык виза ("I") тиби

2017-жылдын 15-мартындагы Кыргыз Республикасынын визаларын тариздөө жана берүү тартиби жөнүндө жаңы инструкциясына ылайык, инвестициялык визаларды алуунун жаңы, жөнөкөйлөтүлгөн тартиби иштейт

Инвестициялык виза ("I" тиби) Кыргыз Республикасында инвестициялык ишти жүргүзгөн жана төмөндө аталган максаттарга арналган10 (он) миллион сомдук суммага эквиваленттүү акчалай же материалдык баалуулуктардын өлчөмүндөгү Кыргыз Республикасынын экономикасына салымын ырастоочу керектүү документтерди тапшырган инвестордун өзүнө же чет өлкөлүк инвестициялык компаниянын башчысына жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнө (жолдошуна/жубайына жана жашы жете элек балдарына жана багуудагы ата-энесине) мөөнөтү 3 жылга чейинки виза берилет:

Инвестициялык виза ("I" тиби) Кыргыз Республикасында инвестициялык ишти жүргүзгөн жана өндүрүштүк, өнөр жай, айыл чарба, банк, энергетика, билим берүү, медициналык жана инженердик курулуш максатында, ошондой эле маалыматтык-коммуникациялык технологиялар үчүн арналган 10 (он) миллион сомдук суммага эквиваленттүү акчалай же материалдык баалуулуктардын өлчөмүндөгү Кыргыз Республикасынын экономикасына салымын ырастоочу керектүү документтерди тапшырган инвестордун өзүнө же чет өлкөлүк инвестициялык компаниянын башчысына жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнө (жолдошуна/жубайына жана жашы жете элек балдарына жана багуудагы ата-энесине) мөөнөтү 3 жылга чейин берилет.

Инвестициялык виза ("I" тиби) инвестициялык саясат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан арыз ээсинин инвестор статусуна ылайык келиши тууралуу корутундусу болгондо 3 жылдык мөөнөткө чейин кайтадан берилүүгө тийиш

            

  • Өндүрүш;
  • Өнөр жай;
  • Айыл чарба;
  • Банк иши;
  • Энергетика;
  • Билим берүү;
  • Медицина;
  • Инженердик-курулуш максаттары;
  • Маалыматтык-коммуникациялык технологиялар.

Инвестициялык виза чет өлкөлүк инвесторго Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги белгилеген мөөнөттүн ичинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоо менен өлкөгө эркин кирүү, чыгуу жана өлкө ичинде жүрүү укугун Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын чегинде өздүк бизнести өнүктүрүүгө жана башкарууга, ошондой эле тендерлерге, аукциондорго катышуу максатында берет. 

Ошондой эле жаңы тартипке ылайык, инвесторлордун ыңгайлуугу үчүн үй-бүлөлүк виза категориясы киргизилген. 

Үй-бүлөлүк виза ("F" тиби) инвестициялык " I" категориядагы визасы менен Кыргыз Республикасынын аймагында эмгек визасынын ("W1" жана "W1" типтери), окуу визасынын ("S" тиби) ээси болгон, ошондой эле жашап турууга уруксаттын негизинде жүргөн арыз ээсинин үй-бүлөсүнүн мүчөлөрүнө (жолдошуна/жубайына жана жашы жете элек балдарына, багуудагы ата-энесине), 1 жылга чейинки мөөнөткө жыл сайын узартууга мүмкүндүгү менен жана эмгектенүү укугусуз берилет.

Чет өлкөлүк жаранга инвестициялык визага өтүнүч алуу үчүн зарыл болгон документтердин тизмеси:(көчүрүү)

Кошумча маалымат алуу үчүн тел: (+996 312) 620535 кош.327; 139; 141.


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу