Тарифтик жөнгө салуу

Евразия экономикалык бирлигинин Бирдиктүү бажы тарифинде белгиленген алымдардын ставкаларынан айырмаланган, Кыргыз Республикасы өткөөл мезгилдин ичинде ташып кирүүдөгү бажы алымдарынын ставкаларын колдонгон товарларды өткөрүүнү башкаруу тартиби

    Евразия экономикалык бирлигинин Бирдиктүү бажы тарифинде белгиленген алымдардын ставкаларынан айырмаланган, Кыргыз Республикасы өткөөл мезгилдин ичинде ташып кирүүдөгү бажы алымдарынын ставкаларын колдонгон товарларды өткөрүүнү башкаруу маселелерин жөнгө салуу максатында,  2017-жылдын 15 - мартында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн № 162 токтому менен Евразия экономикалык бирлигинин Бирдиктүү бажы тарифинде белгиленген алымдардын ставкаларынан айырмаланган, Кыргыз Республикасы өткөөл мезгилдин ичинде ташып кирүүдөгү бажы алымдарынын ставкаларын колдонгон товарларды өткөрүүнү башкаруу жөнүндө Жобосу бекитилген. 

    Аталган Жобого ылайык, максаттуу тастыктоону талап кылган Товарлардын жана ставкалардын тизмесинде көрсөтүлгөн товарларга карата ЕАЭБ ББТ белгиленген алымдардын ставкаларынан айырмаланган ташып кирүүдөгү бажы алымынын ставкасы аталган товарлардын декларанты болуп саналган жак тиешелүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан берилген сунуштардын негизинде тышкы соода операцияларын лицензиялоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган түзүүчү тиешелүү тизмеге киргизилген шартта колдонулат.

    Жогоруда айтылган токтом 2019 - жылдын 31-декабрына чейин колдонулат.  

    Кененирээк маалыматты төмөнкү тиркелген материалдардан алууга болот.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 15 - мартындагы № 162 токтому (Документти жүктөө)

Бирдиктүү бажы тарифинде белгиленген алымдардын ставкаларынан айырмаланган, Кыргыз Республикасы өткөөл мезгилдин ичинде ташып кирүүдөгү бажы алымдарынын ставкаларын колдонгон товарлардын жана ставкалардын тизмеси (Тизмени жүктөө) 

№ 6 ТИРКЕМЕ

Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимине


Бирдиктүү бажылык-тарифтик жөнгө салуу жөнүндө 

ПРОТОКОЛ 

1. Жалпы жоболор

1. Ушул Протокол Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимдин IX бөлүмүнө ылайык иштелип чыккан жана Бирликтин бажы аймагында бажылык-тарифтик жөнгө салуу чараларын колдонуунун принциптери менен тартибин аныктайт. 

2. Ушул Протоколдо пайдаланылуучу түшүнүктөр төмөнкүнү билдирет:

«окшош товар» – өзүнүн милдеттик багытталышы, колдонулушу, сапаты жана техникалык мүнөздөмөлөрү боюнча тарифтик квотанын алкагында Бирликтин бажы аймагына алып келинүүчү товарга толугу менен окшош же болбосо (толугу менен окшош мындай товар болбогондо) аны тарифтик квотанын алкагында Бирликтин бажы аймагына алып келинүүчү товардын багытталышына окшош милдеттик багытталышы боюнча пайдаланууга мүмкүнчүлүк берген тарифтик квотанын алкагында Бирликтин бажы аймагына алып келинүүчү товардын мүнөздөмөлөрүнө жакын мүнөздөмөлөрү бар жана коммерциялык мааниде аны алмаштырууга мүмкүн болгон товар;

«үчүнчү өлкөлөрдөн олуттуу жөнөтүүчүлөр» – Бирликтин бажы аймагына товарлардын импортунун үлүшү 10 пайыз жана андан ашык болгон товар жөнөтүүчүлөр;

«тарифтик квотанын көлөмү» – тарифтик квотанын алкагында алып келүү үчүн бөлүнүп берилүүчү товардын натура же нарктык туюнтмасындагы саны; 

«мурдагы мезгил» – ага карата Бирликтин бажы аймагында товарларды керектөөнүн көлөмдөрүн жана Бирликтин бажы аймагында окшош товарларды өндүрүүнүн көлөмдөрүн талдоо жүргүзүлгөн мезгил; 

«импорттун иш жүзүндөгү көлөмү» – ага чектөөлөр болбогон шарттардагы импорттун көлөмү; 

«айыл чарба товарлары» – ЕАЭБ ТЭИ ТНнын 1 – 24 топторунда классификациялануучу товарлар, ошондой эле маннит, D – глюцит (сорбит), эфир майлары, казеин, альбуминдер, желатин, декстриндер, модификацияланган крахмалдар, сорбит, терилер, булгаары, тыбыт-көрпө чийки заттары, чийки жибек, жибек калдыктары, жаныбарлардын жүнү, чийки пахта, пахта калдыктары, тытылган пахта буласы, чийки зыгыр жана чийки кара куурай сыяктуу товарлар; 

«тарифтик квота» - үчүнчү өлкөлөрдө жасалган, белгилүү бир мезгилдин ичинде белгиленген сандын (натура же нарктык туюнтмада) чектеринде жана андай сандан ашык алып келинүүчү товарларга карата ЕАЭБ ББТнын алып келүү бажы алымдарынын дифференциацияланган коюмдарын колдонуу каралган айыл чарба товарларынын айрым түрлөрүн Бирликтин бажы аймагына алып келүүнү жөнгө салуу чарасы.

2. Тарифтик жеңилдиктер

 3. Алып келүү бажы алымдарын төлөөдөн бошотуу түрүндөгү тарифтик жеңилдиктер үчүнчү өлкөлөрдөн Бирликтин бажы аймагына төмөнкү алып келинүүчүлөргө (алып келингендерге) карата берилет: 

1) ал капиталды (фондду) түзүү үчүн уюштуруу документтери менен каралган мөөнөттөрдүн чектеринде уставдык (топтомо) капиталга (фондго) чет өлкөлүк уюштуруучунун салымы катарындагы товарларга. Мындай товарларга карата тарифтик жеңилдиктерди колдонуунун тартиби Комиссия тарабынан белгиленет; 

2) космос мейкиндигин изилдөө жана пайдалануу, анын ичинде Комиссия тарабынан бекитилүүчү тизмекке ылайык космос аппараттарын учуруу боюнча кызматтарды көрсөтүү жаатындагы эл аралык кызматташуунун алкагында алып келинүүчү товарларга;

3) мүчө мамлекеттердин деңиздик балык уулоо кемелеринин, ошондой эле мүчө мамлекеттердин юридикалык жана (же) жеке жактары тарабынан ижарага алынган (жүк ташууга жалданган) кемелердин продукциясына; 

4) мүчө мамлекеттердин валютасына, үчүнчү өлкөлөрдүн валютасына (нумизматтык максаттар үчүн пайдаланылуучулардан тышкары), ошондой эле мүчө мамлекеттердин мыйзамдарына ылайык баалуу кагаздарга; 

5) гуманитардык жардам катары жана (же) табигый кырсыктардын, авариялардын же апааттардын кесепеттерин жоюу максаттарында алып келинүүчү товарларга; 

6) үчүнчү өлкөлөрдүн, эл аралык уюмдардын, өкмөттөрдүн багыты боюнча кайрымдуулук максаттарында жана (же) мүчө мамлекеттердин мыйзамдарына ылайык акысыз жардам (көмөк), анын ичинде техникалык жардам (көмөк) катары таанылган акциздик товарлардан тышкары (медициналык максаттар үчүн атайын арналган жеңил автомобилдерди кошпогондо) товарларга. 

4. Үчүнчү өлкөлөрдөн Бирликтин бажы аймагына алып келинүүчү (алып келинген) товарларга карата тарифтик жеңилдиктер Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишим, Бирликтин үчүнчү тарап менен эл аралык келишимдери, Комиссиянын чечимдери менен белгиленген башка учурларда да берилиши мүмкүн. 

3. Тарифтик квоталарды колдонуунун шарттары жана механизми

5. Үчүнчү өлкөлөрдө жасалган жана Бирликтин бажы аймагына алып келинүүчү айыл чарба товарларынын айрым түрлөрүнө карата тарифтик квотанын көлөмү Комиссия тарабынан белгиленет жана мындай товарды Бирликтин бажы аймагында керектөөнүн көлөмү менен окшош товарды Бирликтин бажы аймагында өндүрүүнүн көлөмүнүн ортосундагы айырмадан ашып түшүшү мүмкүн эмес.

Мында, эгерде бир мүчө мамлекеттин окшош товарды өндүрүүсүнүн көлөмү мындай товарды керектөөнүн көлөмүнө барабар болсо же андан ашып түшсө, анда мындай айырма Бирликтин бажы аймагы үчүн тарифтик квотанын көлөмүн эсептөөдө эске алынышы мүмкүн эмес. 

6. Эгерде Бирликтин бажы аймагында окшош товарды өндүрүүнүн көлөмү мындай товарды Бирликтин бажы аймагында керектөөнүн көлөмүнө барабар болсо же андан ашып түшсө, тарифтик квотаны белгилөөгө жол берилбейт.

7. Тарифтик квотаны белгилөө жөнүндө чечим кабыл алууда төмөнкү шарттар сакталууга тийиш: 

1) тарифтик квотаны белгилүү бир мөөнөткө белгилөө (үчүнчү өлкөлөрдүн ортосунда тарифтик квотанын көлөмүн бөлүштүрүү жөнүндө маселени кароонун натыйжаларына карабастан); 

2) аларга бөлүнүп берилген тарифтик квотанын көлөмү жөнүндө бардык тиешеси бар үчүнчү өлкөлөргө маалымдоо (үчүнчү өлкөлөрдүн ортосунда тарифтик квотанын көлөмүн бөлүштүрүү жөнүндө чечим кабыл алынган учурда); 

3) тарифтик квотаны белгилөө, анын колдонуу мөөнөтү жана көлөмү жөнүндө, анын ичинде үчүнчү өлкөлөргө бөлүнүп берилген тарифтик квотанын көлөмү тууралуу (үчүнчү өлкөлөрдүн ортосунда тарифтик квотанын көлөмүн бөлүштүрүү жөнүндө чечим кабыл алынган учурда), ошондой эле тарифтик квотанын көлөмүнүн чектеринде алып келинүүчү товарларга карата колдонулуучу алып келүү бажы алымдарынын коюмдары жөнүндө маалыматты жарыялоо. 

8. Мүчө мамлекеттин тышкы соода ишмердигинин катышуучуларынын ортосунда тарифтик квотанын көлөмүн бөлүштүрүү алардын тарифтик квота алууга карата тең укуктуулугуна жана менчигинин түрүнүн, каттоо ордунун же рыноктогу абалынын белгилери боюнча кодуланбашына негизделет. 

9. Тарифтик квотанын көлөмү ушул Протоколдун 5 жана 6-пункттарына ылайык Бирликтин бажы аймагы үчүн тарифтик квотанын көлөмүн эсептөөдө эске алынган ар бир мүчө мамлекеттеги керектөөнүн жана өндүрүүнүн көлөмдөрүнүн ортосундагы айырманын чектеринде мүчө мамлекеттердин ортосунда бөлүштүрүлөт.

Мында Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун мүчөсү болуп саналган мүчө мамлекет үчүн тарифтик квотанын көлөмү мындай мүчө мамлекеттин Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун алдындагы милдеттенмелерине негизденүү менен белгилениши мүмкүн. 

10. Эгерде Бирликтин алкагындагы эл аралык келишимдер, Бирликтин үчүнчү тарап менен эл аралык келишимдери же Жогорку кеңештин чечимдери менен башкача белгиленбесе, үчүнчү өлкөлөрдүн ортосунда тарифтик квотанын көлөмүн бөлүштүрүү Комиссия тарабынан же болбосо Комиссиянын чечимине ылайык мүчө мамлекет тарабынан үчүнчү өлкөлөрдөн бардык олуттуу жөнөтүүчүлөр менен консультациялардын натыйжаларынын негизинде жүзөгө ашырылат. 

Үчүнчү өлкөлөрдөн бардык олуттуу жөнөтүүчүлөр менен консультациялардын натыйжалары боюнча тарифтик квотанын көлөмүн бөлүштүрүү мүмкүн болбогондо үчүнчү өлкөлөрдүн ортосунда тарифтик квотанын көлөмүн бөлүштүрүү жөнүндө чечим мурдагы мезгилдин ичинде ал өлкөлөрдөн товар жөнөтүүлөрдүн көлөмүн эске алуу менен кабыл алынат.

Эреже катары, мурдагы мезгил катары аларга карата импорттун иш жүзүндөгү көлөмү чагылдырылган маалымат жеткиликтүү болгон мурдагы каалаган 3 жыл кабыл алынат. 

Мындай мурдагы мезгилди тандап алуу мүмкүн болбогондо тарифтик квотанын көлөмү импорттун иш жүзүндөгү көлөмүн кыйла ыктымалдуу бөлүштүрүүгө баа берүүнүн негизинде бөлүштүрүлөт.

11. Тарифтик квотаны колдонуу мөөнөтүнүн ичинде товар жөнөтүүлөрдө ар кайсы үчүнчү өлкөгө өзүнө бөлүнүп берилген тарифтик квотанын көлөмүн толук пайдаланууга тоскоолдук келтирген шарттар жана (же) жасалма нерселер белгиленбейт. 

12. Товар жөнөтүүгө тиешеси бар үчүнчү өлкөнүн өтүнүчү боюнча Комиссия төмөнкү маселелер боюнча консультацияларды жүргүзөт:

1) бөлүнүп берилген тарифтик квотанын көлөмүн кайра бөлүштүрүүнүн зарылдыгы; 

2) тандап алынган мурдагы мезгилди өзгөртүү; 

3) тарифтик квотанын бөлүштүрүлгөн көлөмүнө же аны чектөөсүз пайдаланууга карата бир тараптуу тартипте белгиленген шарттарды, жасалма нерселерди же ар кандай башка жоболорду жокко чыгаруунун зарылдыгы. 

13. Тарифтик квоталарды белгилөөгө байланыштуу Комиссия:

1) товарды жөнөтүүгө тиешеси бар үчүнчү өлкөнүн өтүнүчү боюнча тышкы соода ишмердигинин катышуучуларынын ортосунда тарифтик квотанын көлөмүн бөлүштүрүүнүн ыкмасына жана тартибине, ошондой эле ага карата лицензиялар берилген тарифтик квотанын көлөмүнө тиешелүү маалыматты берет; 

2) тарифтик квотанын бөлүп берилген көлөмүнүн алкагында жөнөтүү үчүн арналган товардын жалпы саны же наркы жөнүндө, тарифтик квотанын колдонуу мөөнөтүнүн башталган жана аяктаган даталары жана алардын ар кандай өзгөрүүлөрү жөнүндө маалыматты жарыялайт. 

14. Үчүнчү өлкөлөрдүн ортосунда тарифтик квотанын көлөмүн бөлүштүргөн учурлардан тышкары Комиссия лицензиялардын кайсы бир белгилүү үчүнчү өлкөдөн товардын импорту үчүн пайдаланылышын талап кылууга укуксуз. 





Сурамжылоо
Онлайн кайрылуу