Тарифтик эмес жөнгө салуу

7- тиркеме 

Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимине

Үчүнчү өлкөлөргө карата тарифтик эмес  жөнгө салуу чаралары жөнүндө  ПРОТОКОЛ 

  • Жалпы жоболор

1. Ушул Протокол Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимдин IX бөлүмүнө ылайык иштелип чыккан жана үчүнчү өлкөлөргө карата Бирлик тарабынан тарифтик эмес жөнгө салуу чараларын колдонуунун тартибин жана учурларын аныктайт.

Ушул Протоколдун колдонулушу техникалык жөнгө салуу, санитардык, ветеринардык жана фитосанитардык талаптарды колдонуу маселелерине, экспорттук контроль жана аскердик-техникалык кызматташуу жаатындагы чараларга тиешелүү мамилелерге жайылтылбайт. 

2. Ушул Протоколдо пайдаланылуучу түшүнүктөр төмөнкүнү билдирет: 

«автоматтык түрдө лицензиялоо (байкоо)» – товарлардын айрым түрлөрүнүн экспортунун жана (же) импортунун динамикасынын мониторингинин максаттарында белгиленүүчү убактылуу чара; 

«башкы лицензия» – тышкы соода ишмердигинин катышуучусуна лицензия менен аныкталган санда лицензиялануучу товардын айрым түрүнүн экспортуна жана (же) импортуна укук берүүчү лицензия;

«тыюу салуу» – товарлардын айрым түрлөрүн алып келүүгө жана (же) алып чыгууга тыюу салуучу чара;

«импорт» – Бирликтин бажы аймагына товарды үчүнчү өлкөлөрдөн кайра алып кетүү жөнүндө милдеттенмеси жок алып келүү;

«өзгөчө лицензия» – тышкы соода ишмердигинин катышуучусуна товардын айрым түрүнүн экспортуна жана (же) импортуна өзгөчө укук берүүчү лицензия;

«өзгөчө укук» – өзгөчө лицензиянын негизинде берилүүчү, товарлардын айрым түрлөрүнүн экспортун жана (же) импортун тышкы соода ишмердигинин катышуучулары тарабынан жүзөгө ашыруу укугу;

«сандык чектөөлөр» – квоталарды белгилөө жолу менен тышкы соода товарларын сандык чектөө боюнча киргизилүүчү чаралар; 

«лицензиялоо» – лицензияларды жана (же) уруксаттарды берүүнүн тартибин белгилөөчү администрациялык чаралардын комплекси;

«лицензия» – товарлардын экспортун жана (же) импортун жүзөгө ашыруу укугуна атайын документ;

«бир жолку лицензия» – предмети лицензиялануучу товар болуп саналган тышкы соода бүтүмүнүн негизинде тышкы соода ишмердигинин катышуучусуна берилүүчү жана ал товардын белгилүү бир санынын экспортуна жана (же) импортуна укук берүүчү лицензия; 

«уруксат берүү» – ага карата автоматтык түрдө лицензиялоо (байкоо) белгиленген товар пердмети болуп саналган тышкы соода бүтүмүнүн негизинде тышкы соода ишмердигинин катышуучусуна берилүүчү атайын документ; 

«уруксат берүү документи» – Комиссиянын актысы менен аныкталган учурларда товарларды алып келүү жана (же) алып чыгуу укугуна тышкы соода ишмердигинин катышуучусуна же жеке адамга берилүүчү документ; 

«ыйгарым укуктуу орган» – мүчө мамлекеттин аткаруу бийлигинин лицензияларды жана (же) уруксаттарды берүү укугу берилген органы; 

«тышкы соода ишмердигинин катышуучулары» – мүчө мамлекеттердин биринде катталган жана ал мамлекеттин мыйзамдарына ылайык түзүлгөн юридикалык жактар жана юридикалык жактар болуп саналбаган уюмдар, мүчө мамлекеттердин биринин аймагында туруктуу же артыкчылыктуу жашаган жери бар, ал мамлекеттин жарандары болуп саналган же болбосо анда туруктуу жашоого укугу бар, же болбосо ал мамлекеттин мыйзамдарына ылайык жеке ишкерлер катары катталган жеке жактар; 

«экспорт» – Бирликтин бажы аймагынан үчүнчү өлкөлөрдүн аймагына товарларды кайра алып келүү жөнүндө милдеттенмеси жок алып чыгуу. 

  • Тарифтик эмес жөнгө салуу чараларын киргизүү жана колдонуу

3. Бирликтин аймагында үчүнчү өлкөлөр менен соодада тарифтик эмес жөнгө салуунун бирдиктүү чаралары (мындан ары – чаралар) колдонулат. 

4. Чараларды киргизүү, колдонуу, узартуу жана жокко чыгаруу жөнүндө чечимдер Комиссия тарабынан кабыл алынат. 

Аларга карата чараларды колдонуу жөнүндө чечим кабыл алынган товарлар үчүнчү өлкөлөр менен соодада аларга карата тарифтик эмес жөнгө салуу чаралары колдонулуучу товарлардын бирдиктүү тизмегине (мындан ары – товарлардын бирдиктүү тизмеги) киргизилет. 

Товарлардын бирдиктүү тизмегине аларга карата Комиссия тарабынан тарифтик квота же болбосо атайын коргоо чарасы катары импорттук квота белгилөө жөнүндө жана лицензияларды берүү тууралуу чечим кабыл алынган товарлар да киргизилет.

5. Чараларды киргизүү же жокко чыгаруу жөнүндө сунуш мүчө мамлекет, ошондой эле Комиссия тарабынан да берилиши мүмкүн. 

6. Комиссиянын чараларды киргизүү, колдонуу, узартуу же жокко чыгаруу жөнүндө чечимин даярдоодо Комиссия мындай чечимдин кабыл алынышы менен экономикалык кызыкчылыктары козголушу мүмкүн болгон мүчө мамлекеттердин тышкы соода ишмердигинин катышуучуларына бул маселе боюнча сунуштары менен сын-пикирлерин Комиссияга берүүнүн мүмкүнчүлүгү тууралуу жана консультацияларды өткөрүү жөнүндө маалымдайт. 

7. Комиссия консультацияларды өткөрүүнүн ыкмасын жана формасын, ошондой эле консультацияларды өткөрүүнүн жүрүшү жана натыйжалары жөнүндө маалыматты өз сунуштары менен сын-пикирлерин берген тиешеси бар жактарга маалымдоонун ыкмасын жана формасын аныктайт.

Консультацияларды өткөрбөө Комиссиянын тышкы соода ишмердигин жүзөгө ашыруу укугун козгогон чечимин анык эмес деп табуу үчүн негиз болуп саналышы мүмкүн эмес. 

8. Комиссия төмөнкү шарттардын кайсынысы гана болбосун консультацияларды өткөрбөө чечимин кабыл алышы мүмкүн: 

1) Комиссиянын тышкы соода ишмердигин жүзөгө ашыруу укугун козгогон чечиминин долбоору менен каралган чаралар жөнүндө ал күчүнө кирген датага чейин белгилүү болбоого тийиш, буга байланыштуу консультацияларды өткөрүү мындай чечим менен каралган максаттарга жетпей калууга алып келет же алып келиши мүмкүн; 

2) консультацияларды өткөрүү Комиссиянын тышкы соода ишмердигин жүзөгө ашыруу укугун козгогон чечимин кабыл алууда создуктурууга алып келет, бул мүчө мамлекеттердин кызыкчылыктарына олуттуу зыян келтирүүгө алып келиши мүмкүн; 

3) Комиссиянын тышкы соода ишмердигин жүзөгө ашыруу укугун козгогон чечиминин долбоору менен өзгөчө укук берүү каралат. 

9. Чараларды киргизүү же жокко чыгаруу жөнүндө сунуштарды киргизүүнүн тартиби Комиссия тарабынан аныкталат.

10. Комиссиянын чара киргизүү жөнүндө чечими аларга жайгаштырууда бажы органдары тарабынан чаранын сакталышы контролдонгон бажы жол-жоболорун, ошондой эле аларга карата чара киргизилген товарларды аларга жайгаштырууга жол берилбеген бажы жол-жоболорун аныкташы мүмкүн. 

  • Товарлардын экспортуна жана импортуна тыюу салуулар жана сандык чектөөлөр

11. Ушул Протоколдун 12-пункту менен каралган учурларды кошпогондо, товарлардын экспорту жана импорту тыюу салууларды жана сандык чектөөлөрдү колдонбостон жүзөгө ашырылат. 

12. Өзгөчө учурларда төмөнкүлөр белгилениши мүмкүн:

1) Бирликтин ички рыногу үчүн олуттуу маанилүү болуп саналган азык-түлүктүк же башка товарлардын ички рынокто кескин жетишсиздигин болтурбоо же болбосо азайтуу үчүн экспортко убактылуу тыюу салуулар же убактылуу сандык чектөөлөр;

2) эл аралык соодада товарлардын стандарттарын же классификациялоо, ылгоо жана сатуу эрежелерин колдонууга байланыштуу экспортко жана импортко зарыл болгон тыюу салуулар жана сандык чектөөлөр; 

3) эгерде төмөнкүлөр зарыл болсо, аларды ар кандай түрдө алып келүүдө суу биологиялык ресурстарынын импортун чектөөлөр: 

Бирликтин алкагында жасалган окшош товарды өндүрүүнү же сатууну чектөө; 

Бирликте окшош товарды олуттуу өндүрүү болбогон учурда ал импорттук товар менен түздөн-түз алмаштырылышы мүмкүн болгон Бирликтин аймагында жасалган товарды өндүрүүнү же сатууну чектөө;

мындай артыкбаштыкты керектөөчүлөрдүн айрым топторуна акысыз же рыноктук төмөн баалар боюнча берүү жолу менен Бирликтин аймагында жасалган окшош товардын убактылуу артыкбаштыгын рыноктон чыгарып салуу; 

эгерде Бирликте окшош товарды олуттуу өндүрүү болбосо, ал импорттук товар менен түздөн-түз алмаштырылышы мүмкүн болгон Бирликтин аймагында жасалган товардын убактылуу артыкбаштыгын рыноктон ал артыкбаштыкты керектөөчүлөрдүн айрым топторуна акысыз же рыноктуктан төмөн баалар боюнча берүү жолу менен чыгарып салуу.

13. Комиссия тарабынан Бирликтин аймагында сандык чектөөлөр киргизилгенде экспорттук жана (же) импорттук квоталар колдонулат.

Сандык чектөөлөр төмөнкүлөргө колдонулат: 

экспортто – мүчө мамлекеттердин аймактарында жасалган товарларга карата гана;

 импортто – үчүнчү өлкөлөрдө жасалган товарларга карата гана.

Эгерде мындай сандык чектөөлөр бардык үчүнчү өлкөлөрдөн импортко же бардык үчүнчү өлкөлөргө экспортко карата колдонулбаса гана, сандык чектөөлөр кайсы бир үчүнчү өлкөнүн аймагынан товарлардын импортуна же кайсы бир үчүнчү өлкөнүн аймагы үчүн арналган товарлардын экспортуна карата колдонулбайт. Мындай жобо эл аралык келишимдерге ылайык мүчө мамлекеттердин милдеттенмелеринин сакталышына бөгөт болбойт.

14. Экспортко тыюу салуулар же сандык чектөөлөр мүчө мамлекеттердин сунуштарынын негизинде Комиссия тарабынан бекитилүүчү Бирликтин ички рыногу үчүн олуттуу маанилүү болуп саналган жана аларга карата өзгөчө учурларда экспортко убактылуу тыюу салуулардын же сандык чектөөлөрдүн киргизилиши мүмкүн болгон товарлардын тизмегине киргизилген товарларга карата гана киргизилиши мүмкүн. 

15. Ушул Протоколдун 12-пунктунун 1-пунктчасына ылайык Бирликтин ички рыногу үчүн олуттуу маанилүү болуп саналган айыл чарба товарларынын экспортуна тыюу салуу же сандык чектөө киргизүүдө Комиссия: 

Бирликтин аймагынан мындай айыл чарба товарларын импорттоочу үчүнчү өлкөлөрдүн азык-түлүк коопсуздугу үчүн тыюу салуунун же сандык чектөөнүн кесепеттерин эске алат;

Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун Айыл чарбасы боюнча комитетине экспортко тыюу салууну же сандык чектөөнү колдонуунун мүнөзү жана узактыгы жөнүндө алдын ала маалымдайт; 

ар кайсы импорттоочу өлкөнүн өтүнүчү боюнча каралып жаткан чарага таандык болгон маселелер боюнча консультацияларды уюштурат же болбосо бүткүл зарыл маалыматты берет. 

Ушул пунктта анын импортунда мүчө мамлекеттердин аймактарында өндүрүлгөн айыл чарба товарынын үлүшү анын экспортуна карата тыюу салуу же сандык чектөө киргизүү пландаштырылып жаткандан 5 пайыздан кем эмести түзгөн өлкө импорттоочу өлкө деп түшүнүлөт. 

16. Комиссия экспорттук жана (же) импорттук квоталардын көлөмдөрүн мүчө мамлекеттердин ортосунда бөлүштүрөт жана мүчө мамлекеттердин тышкы соода ишмердигине катышуучуларынын арасында экспорттук жана (же) импорттук квоталардын үлүштөрүн бөлүштүрүү ыкмасын аныктайт, ошондой эле зарыл болгондо импорттук квотанын көлөмүн үчүнчү өлкөлөрдүн ортосунда бөлүштүрөт. 

Мүчө мамлекеттердин ортосунда экспорттук жана (же) импорттук квоталардын көлөмдөрүн бөлүштүрүү Комиссия тарабынан мүчө мамлекеттердин сунуштарын эске алуу менен жана мүчө мамлекеттердин ар биринде товарларды өндүрүүнүн жана (же) керектөөнүн көлөмдөрүнө негизденип, сандык чектөөлөрдү киргизүү жолу менен чечүү болжолдонгон милдеттерге жараша жүзөгө ашырылат. 

17. Экспорттук жана (же) импорттук квоталарды колдонуу жөнүндө чечим кабыл алууда Комиссия:

1) белгилүү бир мөөнөткө экспорттук жана (же) импорттук квоталарды белгилейт (алар үчүнчү өлкөлөрдүн ортосунда бөлүштүрүлө тургандыгына карабастан); 

2) тиешеси бар бардык үчүнчү өлкөлөргө аларга бөлүнүп берилген импорттук квотанын көлөмү жөнүндө маалымдайт (импорттук квота үчүнчү өлкөлөрдүн ортосунда бөлүштүрүлгөн учурда); 

3) экспорттук жана (же) импорттук квоталарды колдонуу, алардын көлөмдөрү жана колдонуу мөөнөттөрү жөнүндө, ошондой эле импорттук квотанын үчүнчү өлкөлөрдүн ортосунда бөлүштүрүлүшү тууралуу маалыматты жарыялайт. 

18. Импорттук квоталарды үчүнчү өлкөлөрдүн ортосунда бөлүштүрүү, эреже катары, Комиссия тарабынан үчүнчү өлкөлөрдүн олуттуу жөнөтүүчүлөрүнүн баары менен консультациялардын натыйжалары боюнча жүзөгө ашырылат.

Мында Бирликтин аймагына ал товарды импорттоодо 5 пайыз жана андан ашык өлчөмүндөгү үлүшү бар жөнөтүүчүлөр үчүнчү өлкөлөрдүн олуттуу жөнөтүүчүлөрү деп түшүнүлөт. 

19. Эгерде импорттук квоталарды бөлүштүрүү үчүнчү өлкөлөрдүн бардык олуттуу жөнөтүүчүлөрү менен консультациялардын натыйжаларынын негизинде жүзөгө ашырылышы мүмкүн болбосо, Комиссиянын үчүнчү өлкөлөрдүн ортосунда квоталарды бөлүштүрүү жөнүндө чечими мурдагы мезгилдин ичинде ал өлкөлөрдөн товар жөнөтүүлөрдүн көлөмүн эске алуу менен кабыл алынат. 

20. Тиешелүү товарды жөнөтүү импорттук квотаны колдонуу мезгилинде жүргүзүлгөн шартта Комиссия эч кандай шарттарды же ар кайсы үчүнчү өлкөгө ага бөлүнүп берилген импорттук квотаны толугу менен пайдаланууга тоскоолдук келтириши мүмкүн болгон жасалма нерселерди белгилебейт. 

21. Ага карата экспорттук жана (же) импорттук квоталар киргизилип жаткан товарды жөнөтүүлөрдүн көлөмүн аныктоо үчүн мурдагы мезгилди тандап алуу Комиссия тарабынан жүзөгө ашырылат. Мында, эреже катары, аларга карата экспорттун жана (же) импорттун иш жүзүндөгү көлөмдөрүн чагылдырган маалымат жеткиликтүү болгон ар кайсы өткөн 3 жыл мындай мезгил деп кабыл алынат. Мурдагы мезгилди тандап алуу мүмкүнчүлүгү болбогондо экспорттук жана (же) импорттук квоталар экспорттун жана (же) импорттун иш жүзүндөгү көлөмдөрүн бөлүштүрүүнүн кыйла ыктымалдыгына баа берүүнүн негизинде бөлүштүрүлөт. 

Ушул пунктта аларды чектөөлөр болбогон шарттардагы экспорттун жана (же) импорттун көлөмдөрү экспорттун жана (же) импорттун иш жүзүндөгү көлөмдөрү деп түшүнүлөт. 

22. Товар жөнөтүүгө тиешеси бар каалаган үчүнчү өлкөнүн өтүнүчү боюнча Комиссия ал өлкө менен төмөнкүлөргө карата консультацияларды өткөрөт:

1) белгиленген импорттук квотаны кайра бөлүштүрүүнүн зарылдыгына;

2) тандап алынган мурдагы мезгилди өзгөртүүгө; 

3) импорттук квотаны бөлүштүрүүгө же аны чектөөсүз пайдаланууга карата бир тараптуу тартипте белгиленген шарттарды, жасалма нерселерди же ар кандай башка жоболорду жокко чыгаруунун зарылдыгына.

23. Тышкы соода ишмердигинин катышуучуларынын арасында экспорттук жана (же) импорттук квоталардын үлүштөрүн бөлүштүрүү мүчө мамлекеттер тарабынан Комиссия аныктоочу усулдун негизинде жүзөгө ашырылат жана экспорттук жана (же) импорттук квоталардын үлүштөрүн алууга карата тышкы соода ишмердигинин катышуучуларынын тең укуктуулугуна жана менчигинин түрүнүн белгилери, каттоо орду же рыноктогу абалы боюнча кодуланбашына негизделет. 

24. Үчүнчү өлкөлөрдүн ортосунда импорттук квотаны бөлүштүрүү учурларынан тышкары кайсы бир белгилүү өлкөгө жана (же) кайсы бир белгилүү өлкөдөн тиешелүү товардын экспорту жана (же) импорту үчүн лицензия пайдаланылышы жөнүндө талаптарды коюуга жол берилбейт. 

25. Экспорттук жана (же) импорттук квоталарды колдонууга байланыштуу Комиссия: 

1) товардын айрым түрүнүн соодасына тиешеси бар үчүнчү өлкөнүн талабы боюнча экспорттук жана (же) импорттук квоталарды бөлүштүрүүнүн тартибине, аларды тышкы соода ишмердигинин катышуучуларынын ортосунда бөлүштүрүүнүн механизмине жана лицензия берилген квоталардын көлөмдөрүнө тиешелүү маалыматты берет; 

2) анын экспорту жана (же) импорту келечекте белгилүү бир убакыттын ичинде уруксат бериле турган товардын жалпы саны же наркы жөнүндө, ошондой эле экспорттук жана (же) импорттук квоталарды колдонуунун башталышынын жана аякталышынын даталары жана алардын ар кандай өзгөрүүлөрү тууралуу маалыматты жарыялайт. 

  • Өзгөчө укук

26. Тышкы соода ишмердигин жүзөгө ашыруу өзгөчө укук берүү жолу менен чектелиши мүмкүн. 

27. Алардын экспортуна жана (же) импортуна өзгөчө укук берилген товарлар, ошондой эле мүчө мамлекеттер тарабынан аларга мындай өзгөчө укук берилген тышкы соода ишмердигинин катышуучуларын аныктоонун тартиби Комиссия тарабынан аныкталат. 

Комиссиянын чечиминин негизинде мүчө мамлекеттер тарабынан аларга өзгөчө укук берилген тышкы соода ишмердигинин катышуучуларынын тизмеги Интернет желесиндеги Бирликтин расмий сайтына жарыяланууга жатат. 

28. Өзгөчө укук берүү жолу менен тышкы соода ишмердигин жүзөгө ашырууга чектөөлөрдү киргизүү жөнүндө чечим мүчө мамлекеттин сунушу боюнча Комиссия тарабынан кабыл алынат. 

Өзгөчө укук киргизүүнүн зарылдыгынын негиздемеси ал чараны колдонуунун максатка ылайыктыгын ырастоочу каржылык-экономикалык эсептерди жана башка маалыматты камтууга тийиш. 

29. Комиссиянын чечиминин негизинде мүчө мамлекеттер тарабынан аларга өзгөчө укук берилген тышкы соода ишмердигинин катышуучулары тиешелүү товарлардын экспорту жана (же) импорту боюнча бүтүмдөрдү кодулабоо принцибине негизденип жана сатып алуу же сатуу шарттарын кошуп алганда, коммерциялык пикирди гана жетекчиликке алып жасайт жана үчүнчү өлкөлөрдүн уюмдарына мындай сатып алууларга же сатууларга катышууга карата атаандаш болууга төп келген мүмкүнчүлүктөрдү (демейки иш практикасына ылайык) берет.

30. Аларга карата тышкы соода ишмердигинин катышуучуларына өзгөчө укук берилген товарлардын экспорту жана (же) импорту ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилүүчү өзгөчө лицензиялардын негизинде жүзөгө ашырылат. 

  • Автоматтык түрдө лицензиялоо (байкоо)

31. Товарлардын айрым түрлөрүнүн экспортунун жана (же) импортунун динамикасынын мониторингинин максаттарында Комиссия автоматтык түрдө лицензиялоону (байкоону) киргизүүгө укуктуу.

32. Автоматтык түрдө лицензиялоону (байкоону) киргизүү мүчө мамлекеттин, ошондой эле Комиссиянын да демилгеси боюнча жүзөгө ашырылат. 

Автоматтык түрдө лицензиялоону (байкоону) киргизүүнүн зарылдыгынын негиздемеси товарлардын айрым түрлөрүнүн экспортунун жана (же) импортунун сандык көрсөткүчтөрүн жана алардын өзгөрүүлөрүн башка ыкма менен көз салууга мүмкүн эместиги жөнүндө маалыматты камтууга тийиш. 

33. Аларга карата автоматтык түрдө лицензиялоо (байкоо) киргизилген товарлардын айрым түрлөрүнүн тизмеги, ошондой эле мындай автоматтык түрдө лицензиялоонун (байкоонун) мөөнөттөрү Комиссия тарабынан белгиленет. 

Аларга карата автоматтык түрдө лицензиялоо (байкоо) киргизилген товарлар товарлардын бирдиктүү тизмегине киргизилет. 

34. Аларга карата автоматтык түрдө лицензиялоо (байкоо) киргизилген товарлардын экспорту жана (же) импорту Комиссия тарабынан аныкталуучу тартипте ыйгарым укуктуу орган берген уруксат берүүлөр болгондо жүзөгө ашырылат. 

35. Товарлардын бирдиктүү тизмегине киргизилген товарлардын экспортуна жана (же) импортуна уруксаттарды берүү тиркемеге жараша эрежелерге ылайык жүзөгө ашырылат. 

  • Уруксат берүү тартиби

36. Товарларды алып келүүнүн жана (же) алып чыгуунун уруксат берүү тартиби лицензиялоону киргизүүнүн же тышкы соода ишмердигин жөнгө салуунун башка администрациялык чараларын колдонуунун аркасында ишке ашырылат. 

37. Уруксат берүү тартибин киргизүү, колдонуу жана жокко чыгаруу жөнүндө чечим Комиссия тарабынан кабыл алынат. 

  • Жалпы эрежеден чыгуулар 

38. Товарлардын айрым түрлөрүн алып келүүдө жана (же) алып чыгууда чаралар, анын ичинде ушул Протоколдун III жана IV бөлүмдөрүндө көрсөтүлгөндөрдөн айырмаланган негиздер боюнча киргизилет, эгерде ал чаралар: 

1) коомдук моралды же укук тартибин сактоо үчүн зарыл болсо;

2) адамдын өмүрүн жана ден соолугун, айлана-чөйрөнү, жаныбарларды жана өсүмдүктөрдү сактоо үчүн зарыл болсо; 

3) алтындын же күмүштүн экспортуна жана (же) импортуна таандык болсо; 

4) маданий баалуулуктарды жана маданий мурастарды коргоо үчүн колдонулса; 

5) орду толгус жаратылыш ресурстарынын түгөнүшүн болтурбоо үчүн зарыл болсо жана орду толгус жаратылыш ресурстарын пайдалануу менен байланышкан ички өндүрүштүн же керектөөнүн чектөөлөрү менен бир убакта жүргүзүлсө;

6) өкмөт тарабынан турукташтыруу планын жүзөгө ашыруунун натыйжасында мындай товарларга ички баа дүйнөлүк баадан кыйла төмөн деңгээлде кармалып турган мезгилдин ичинде ички иштетүү өнөр-жайын мындай товарлардын жетиштүү саны менен камсыз кылуу үчүн мүчө мамлекеттердин аймактарында жасалган товарлардын экспортун чектөө менен байланышкан болсо; 

7) алардын жалпы же жергиликтүү тартыштыгы болгондо товарларды сатып алуу же бөлүштүрүү үчүн зарыл болсо; 

8) эл аралык милдеттенмелерди аткаруу үчүн зарыл болсо;

9) коргонууну жана коопсуздукту камсыз кылуу үчүн зарыл болсо; 

10) бажы мыйзамдарынын, айлана-чөйрөнү коргоону, интеллектуалдык менчикти жана башка укуктук актыларды колдонууга тиешелүү эл аралык милдеттенмелерге каршы келбеген укуктук актылардын сакталышын камсыз кылуу үчүн зарыл болсо.

39. Ушул Протоколдун 38-пунктунда көрсөтүлгөн чаралар Комиссиянын чечиминин негизинде киргизилет жана үчүнчү өлкөлөрдү өзүм билемдик менен же негизсиз кодулоонун, ошондой эле товарлардын тышкы соодасын көмүскө чектөөнүн каражаты болуп кызмат кылышы мүмкүн эмес. 

40. Товардын айрым түрүнө карата ушул Протоколдун 38-пунктунда каралган негиздер боюнча чараларды киргизүүнүн же болбосо жокко чыгаруунун максаттары үчүн мүчө мамлекет товардын аталышы, анын ЕАЭБ ТЭИ ТНсынын коду, сунушталган чаралардын мүнөзү жана алардын болжолдуу колдонуу мөөнөтү жөнүндө маалыматтарды, ошондой эле чараларды киргизүүнүн же жокко чыгаруунун зарылдыгынын негиздемесин камтыган документтерди Комиссияга берет. 

41. Эгерде Комиссия мүчө мамлекеттин ушул Протоколдун 38-пунктунда каралган негиздер боюнча чараларды киргизүү жөнүндө сунушун кабыл албаса, анда аларды киргизүүгө демилге көтөргөн мүчө мамлекет ушул Протоколдун Х бөлүмүнө ылайык мындай чараларды бир тараптуу тартипте киргизиши мүмкүн.

  • Тышкы каржылык абалды коргоо жана төлөм балансынын тең салмактуулугун камсыз кылуу

42. Эгерде бул тышкы каржылык абалды коргоо жана төлөм балансынын тең салмактуулугун камсыз кылуу үчүн зарыл болсо, товарлардын айрым түрлөрүнүн импортунда чаралар, анын ичинде ушул Протоколдун III жана IV бөлүмдөрүндө көрсөтүлгөндөрдөн айырмаланган негиздер боюнча киргизилиши мүмкүн. 

Эгерде төлөм балансынын курч абалынан башка чаралар тышкы эсептешүүлөр менен болгон абалдын кескин начарлашын токтото албаса гана, мындай чаралар киргизилиши мүмкүн. 

43. Эгерде импорттолуучу товарларды жөнөтүүлөр үчүн төлөмдөр ушул Протоколдун 44-пунктунда айтылган мүчө мамлекеттердин валюта резерви түзүлгөн валюталарда жүргүзүлсө гана, киргизилүүчү чаралар, анын ичинде ушул Протоколдун III жана IV бөлүмдөрүндө көрсөтүлгөндөрдөн айырмаланган негиздер боюнча колдонулушу мүмкүн.

44. Импортко карата чектөөлөр мүчө мамлекеттердин валюта резервдеринин олуттуу кыскарышынын сөзсүз коркунучун болтурбоо үчүн же мүчө мамлекеттердин валюта резервдеринин көбөйүшүнүн акылга сыярлык арымын калыбына келтирүү үчүн зарыл болгондон кыйла олуттуу болбоого тийиш. 

45. Комиссия мүчө мамлекеттин ушул Протоколдун 42-пунктунда көрсөтүлгөн чараларды киргизүү жөнүндө сунушун карайт. 

46. Эгерде Комиссия мүчө мамлекеттин чараларды киргизүү жөнүндө сунушун кабыл албаса, анда мүчө мамлекет ушул Протоколдун Х бөлүмүнө ылайык ушул Протоколдун 42-пунктунда көрсөтүлгөн чараларды бир тараптуу тартипте киргизүү жөнүндө чечим кабыл алышы мүмкүн. 

  • Товарлардын тышкы соодасы чөйрөсүндөгү лицензиялоо

47. Эгерде ал товарларга карата төмөнкүлөр киргизилсе, Комиссия тарабынан белгиленген учурларда лицензиялоо товарлардын айрым түрлөрүнүн экспортунда жана (же) импортунда колдонулат: 

сандык чектөөлөр;

өзгөчө укук;

уруксат берүү тартиби; 

тарифтик квота; 

атайын коргоо чарасы катары импорттук квота. 

Лицензиялоо ыйгарым укуктуу орган тарабынан тышкы соода ишмердигинин катышуучусуна товарлардын экспортуна жана (же) импортуна лицензия берүү жолу менен ишке ашырылат. 

Бир мүчө мамлекеттин ыйгарым укуктуу органы тарабынан берилген лицензиялар бардык башка мүчө мамлекеттер тарабынан таанылат. 

48. Товарлардын бирдиктүү тизмегине киргизилген товарлардын экспортун жана (же) импортун лицензиялоо ушул Протоколдун тиркемесинде каралган эрежелерге ылайык жүзөгө ашырылат. 

49. Ыйгарым укуктуу органдар тарабынан лицензиялардын төмөнкү түрлөрү берилет: 

бир жолку лицензия;

башкы лицензия; 

өзгөчө лицензия. 

Башкы жана өзгөчө лицензияларды берүү Комиссия тарабынан аныкталган учурларда жүзөгө ашырылат. 

  • Чараларды бир тараптуу тартипте колдонуу

50. Ушул Протоколдун VII жана VIII бөлүмдөрү менен каралган негиздер боюнча өзгөчө учурларда мүчө мамлекеттер үчүнчү өлкөлөр менен соодада убактылуу чараларды, анын ичинде ушул Протоколдун III жана IV бөлүмдөрүндө көрсөтүлгөндөн айырмаланган негиздер боюнча бир тараптуу тартипте киргизиши мүмкүн. 

51. Убактылуу чараны киргизип жаткан мүчө мамлекет алдын ала, бирок аны киргизүүнүн датасына чейин 3 календарлык күндөн кеч эмес бул жөнүндө Комиссияга маалымдайт жана Бирликтин бажы аймагына мындай чара киргизүү жөнүндө сунуш киргизет. 

52. Комиссия мүчө мамлекеттин убактылуу чара киргизүү жөнүндө сунушун карайт жана мүчө мамлекеттин сунушун кароонун жыйынтыктары боюнча Бирликтин бажы аймагына мындай чара киргизүү жөнүндө чечим кабыл алышы мүмкүн. 

53. Бул учурда мындай чаранын колдонуу мөөнөтү Комиссия тарабынан белгиленет. 

54. Эгерде Бирликтин бажы аймагына убактылуу чара киргизүү жөнүндө чечим кабыл алынбаса, Комиссия убактылуу чара киргизген мүчө мамлекетке жана мүчө мамлекеттердин бажы органдарына убактылуу чара ал киргизилген датадан тартып 6 айдан ашык эмес мөөнөттө колдонула тургандыгы жөнүндө маалымдайт. 

55. Мүчө мамлекеттен убактылуу чара киргизүү жөнүндө алынган маалымдаманын негизинде Комиссия төмөнкүлөрдү көрсөтүү менен мүчө мамлекеттердин бири тарабынан убактылуу чара киргизилгендиги жөнүндө мүчө мамлекеттердин бажы органдарына токтоосуз маалымдайт: 

1) мүчө мамлекеттин ага ылайык убактылуу чара киргизилген ченемдик укуктук актысынын аталышын;  

2) товардын аталышын жана анын ЕАЭБ ТЭИ ТНсынын кодун;

3) убактылуу чара киргизилген датаны жана аны колдонуу мөөнөтүн. 

56. Ушул Протоколдун 55-пунктунда көрсөтүлгөн маалыматты алгандан кийин мүчө мамлекеттердин бажы органдары төмөнкүлөргө жол бербейт:

алар жөнүндө маалыматтар мындай маалыматта камтылган, ал мүчө мамлекеттин ыйгарым укуктуу органы тарабынан берилген лицензиясыз убактылуу чараны колдонгон мүчө мамлекеттин аймагында жасалган тиешелүү товарларды алып кетүүгө; 

алар жөнүндө маалыматтар мындай маалыматта камтылган, ал мүчө мамлекеттин ыйгарым укуктуу органы тарабынан берилген лицензиясыз убактылуу чараны колдонгон мүчө мамлекет үчүн арналган тиешелүү товарларды алып келүүгө. Мында убактылуу чараны колдонбогон мүчө мамлекеттер убактылуу чараны колдонгон мүчө мамлекеттин аймагына тиешелүү товарларды алып келүүгө жол бербөөгө багытталган зарыл күч-аракеттерди көрөт.

Сурамжылоо
Онлайн кайрылуу