2010-жыл
4949

2010-жылы төмөнкү өкмөттөр аралык Комиссиялардын жыйындары уюштурулуп, өткөрүлдү: 

2010-жылдын 18-19-февралында Санкт-Петербург шаарында өкмөттөр аралык Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий кызматташуу боюнча кыргыз-санкт-петербург биргелешкен Комиссиясынын 3-отуруму Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министри Н.Сулаймановдун жана Санкт-Петербургдун Тышкы байланыштар боюнча Комитетинин төрагасы А.Прохоренконун төрагалыгынын алдында өттү. Отурумдун жүрүшүндө өнөр жай, энергетика, саламаттыкты сактоо, эмгек,  ишке орноштуруу, миграция, билим берүү, илим, кайра иштетүү, айыл чарба, туризм, маданият ж.б. багыттарындагы өз ара аракеттенишүү маселелери каралды.

Кыргыз-санкт-петербург комиссиясынын Протоколу (расмий тилде)

______________

2010-жылдын 4-мартында Нью-Дели шаарында Өкмѳттѳр аралык кыргыз-индиялык соода-экономикалык жана илимий-техникалык кызматташуу боюнча комиссиясынын 5-жыйыны Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстар министри К.Курманалиевдин жана Индия Республикасынын Соода жана өнөр жай мамлекеттик министри Джиотирадитья Сциндия төрагалыгынын алдында ѳттү. Комиссиянын жүрүшүндө төмөнкү тармактарда кызматташуунун маселелери каралды, бул: соода, ишкердик, өнөр жай, энергетика, транспорт, илим, технологиялар, маданият, туризм, саламаттык сактоо, кесиптик-техникалык билим берүү, курулуш, интеллектуалдык менчик, приватташтыруу, стандартташтыруу ж.б.

Кыргыз-индиялык комиссиясынын Протоколу (расмий тилде)

_______________

2010-жылдын 27-февралында Москва шаарында өкмөттөр аралык кыргыз-орус биргелешкен соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташуу боюнча Комиссиянын 11-отуруму өттү. Комиссиянын кыргыз бөлүгүн КР Премьер-министри Д.Усенов, орус бөлүгүн Россия Федерациясынын Энергетика министри С. Шматко башкарышты.

Тараптар Кыргыз Республикасынын жана Россия Федерациясынын электроэнергетика, нефть –газ, өнөр-жай, транспорт, маалымат технологиялары, байланыш, өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу жана ликвидациялоо, бажы иши, миграция жана башка чөйрөлөрүндөгү кызматташуу маселелерин карашты.

Кыргыз-орус комиссиясынын Протоколу (расмий тилде)

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу