2011-жыл
4758

2011-жылы төмөнкү өкмөттөр аралык Комиссиялардын жыйындары уюштурулуп, өткөрүлдү: 

2011-жылдын 10-февралында Бишкек шаарында өкмөттөр аралык кыргыз-орус биргелешкен соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташуу боюнча Комиссиянын 12-отуруму КР Вице-премьер-министри О.Бабановдун жана Россия Федерациясынын Федералдык бажы кызматынын башчысы А.Бельяниновдун төрагалыгынын алдында өттү. Комиссиянын жүрүшүндө төмөнкү тармактарда кызматташуунун маселелери каралды, бул: электроэнергетика, нефть–газ, өнөр-жай, айыл чарба, транспорт, өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу жана ликвидациялоо, билим берүү жана илим, бажы иши, миграция, банк иши, туризм, карыз маселелери жана башка чөйрөлөрүндөгү кызматташуу маселелерин карашты.

Кыргыз-орус комиссиясынын Протоколу (расмий тилде)

_______________

2011-жылдын 12-апрелинде Москва шаарында өкмөттөр аралык кыргыз-орус биргелешкен соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташуу боюнча Комиссиянын 13-отуруму КР Вице-премьер-министри О.Бабановдун жана Россия Федерациясынын Федералдык бажы кызматынын башчысы А.Бельяниновдун төрагалыгынын алдында өттү. Достук жана конструктивдик мүнөздө өткөн Комиссиянын жүрүшүндө Тараптар такталган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы 2010-2013-жж. Экономикалык кызматташуу программасын ишке ашыруу боюнча иш чаралар планын бекитишти. 

Энергетика, нефть–газ, айыл чарба, өзгөчө кырдаалдар, миграция чөйрөлөрүндөгү эки тараптуу кызматташуунун эң актуалдуу маселелери талкууланды. 

Кыргыз-орус комиссиясынын Протоколу (расмий тилде)

_______________

2011-жылдын 15-19-майында Душанбе шаарында өкмөттөр аралык кыргыз-таджик эки тараптуу маселелерди комплекстүү кароо боюнча Комиссиянын 10-отуруму өттү. Комиссиянын отурумунун жүрүшүндө эки мамлекеттин ортосундагы өнөр жай, энергетика, суу ресурстарын рационалдуу колдонуу, транспорт, Кыргыз Республикасынын Таджикистан Республикасынын аймагындагы объектилеринин статусун аныктоо жана Таджикистан Республикасынын Кыргыз Республикасынын аймагындагы объектилеринин статусун аныктоо, илим, билим берүү, миграция, транспорт, чек ара, өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу жана ликвидациялоо, айлана чөйрөнү коргоо, укуктук-келишимдик база маселелери талкууланды. 

Кыргыз-таджик комиссиясынын Протоколу (расмий тилде)

_______________

2011-жылдын 7-8-июлунда Кыргыз Республикасында эки тараптуу экономикалык байланыш боюнча аралаш кыргыз-австрия комиссиясынын 4-жыйыны КР Финансы министри  М.Мамбетжановдун төрагалыгынын алдында өттү. Комиссиянын жүрүшүндө төмөнкү тармактарда кызматташуунун маселелери каралды, бул: соода, инвестициялар, ишкердик, өнөр жай, энергетика, банк иши, бажы, айыл чарба, айлана чөйрөнү коргоо, технологиялар, курулуш, туризм, стандартташтыруу, каттоо иши, интеллектуалдык менчик, саламаттыкты сактоо  инфраструктурасы ж.б.

Кыргыз-австрия комиссиясынын Протоколу (расмий тилде)

_______________

2011-жылдын 16-сентябрында  кыргыз-казак өкмөттөр аралык Кеңешинин 2-отуруму Кыргыз Республикасынын Премьер-министри А. Атамбаевдин жана  Казак Республикасынын Премьер-министри К.Масимовдун төрагалыгынын алдында өткөрүлдү. Тараптар  2009-жылдын 16-июнунда кол коюлган Кеңештин 1-отурумунун Протоколунун аткарылышын карап, соода, инвестициялар, суу-энергетикалык комплекс, айлана чөйрөнү коргоо, чек араны көзөмөлдөө, банк иши, газ тармагы, айыл чарба, инновациялык инфраструктураны өнүктүрүү, транспорт, өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу жана ликвидациялоо жана башка чөйрөлөрүндөгү эки жактуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин карашты жана талкуулашты.

Кыргыз-казак кеңешинин Протоколу (расмий тилде)

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу