Адал индустриясы жөнүндө стереотиптер

Стереотип (адашуу) №1. Адал бул бир гана эт, колбаса, эч жок дегенде тамак-аш тармагы.

Адал - бул жашоо образы.

            Адал (араб. уруксат берилген) - "исламдагы баардык уруксат берилген нерселер".

            Ошентип, Кыргызстанда адал-индустрия - бул Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын алкагында исламдын ченемдерине шайкеш келүүчү ыктыярдуу экономикалык иш жүргүзүшкөн тармактардын (адал тамак-аш жана ичимдик, адал-туризм, адал-фэшн, адал-медиа, адал-медицина, адал-косметика, адал-логистика ж.б.у.с.) жыйындысы.

            Кыргыз Республикасында адал-индустрия экономиканын өнүгүүсүнө мындан аркы импульс берүүчү кошумча атаандашуучу индустрия катары каралат.

"Адал" деген түшүнүк кылымдар бою кыргыз элинин арасында бүгүнкү күнгө чейин колдонулуп келет.         

Стереотип №2. Адал ислам динине гана таандык болуп эсептелинет жана бул нерсе менен бир гана диний уюмдар иш алып барыш керек.

Адал - кепилдик сапатынын глобалдык белгиси.

          Бүгүнкү күндө адал-индустрия бизнес менен инвестиция чөйрөсүнө кенири таркалып бир гана динге таандык маселе болбой калган. 

Бул индустрия Аргентина, Канада, Индия, Жаңы Зеландия, Улуу Британия, АКШ, Тайланд сыяктуу мусулман эмес өлкөлөрдө ушул марканын чоң потенциалын түшүнүшүп жана өзүнүн бизнесин адал-индустриянын тегерегинде курушкан.

       Мисалыга алсак, эн ири көлөмдө адал этин Австралия жана Бразилия экспорттоодо, ал жерде өндүрүш исламдын ченемдерине шайкеш келет. 

Дүйнө боюнча эң ири кой этинин “адал” бренди боюнча жеткирүүчүсү Жаңы Зеландия болуп саналат. 

         Маалымат үчүн: эксперттердин айтымында, араб булун өлкөрү өзүн өзү тамак-аш азыктары менен 15% гана камсыздашат, ал эми калган 85% башка өлкөлөрдөн (негизинен мусулмандар азчылыкты тузгөн өлкөлөрдөн) алынып келинет.

Стереотип №3. Адал мусулмандар гана тарабынан колдонулат.

Адал - келечектин алдынкы ири өнөр жайы.

          Адал индустрия – бул бир гана мусулмандарга сунушталган эмес, бул ар тараптуулукка (универсалдуулукка) көздөгөн өнөр жайы. 

Адал азыктарына суроо-талап бир гана мусулмандарда эмес, ошондой эле мусулман эмес калктын арасында да өсүп жатат. Расмий маалыматтарга ылайык, адал индустрия жылына $ 2,1 триллионду түзөт (салыштырмалуу Кыргызстандын 2017-жылдын ИДП-сы болжол менен $ 7 млрд. түздү).

Стереотип №4. Адал – бул качан бир гана малды муздоонун алдында каада-салттарды аткаруу (адатта молдо аткарат) андан кийин эт адал болуп калат. 

            Адал каада-салттардан сырткары өзүнө төмөнкү элементтерди камтыйт:

1.    ингредиенттер боюнча чектөөлөр,

2.    жүрүм-турумга чектөөлөр,

3.    органикалык азык (болушу шарт).

Стереотип №5. Адал индустрияда бирдиктүү эрежелерди түзүү мүмкүн эмес, себеби ал ыктыярдуулук принцибин бузат.

Адал - ыктыярдуу сертификациялоо системасы.

          Ыктыярдуулук принциби жеке ишкердин тандоо чечимине гана жайылат, ал ыктыярдуу адал системасында катышабы же жокпу. Эч кимдин адал сертификаттарын жана эмбелгилерин колдонбогон жеке ишкерлерге каршы жаза иштерин жүргүзүүгө демилге көтөрүүгө укугу жок. 

          Бирок, жеке ишкер адал сертификациялоо системасына өтүү чечимин тандагандан кийин, бул катышуучу адал системасында көрсөтүлгөн белгилүү бир талаптарды аткарууга милдеттүү.

Стереотип №6. Адал сертификат – бул ата-мекендик продукцияны бир гана экспорттоого мүмкүнчүлүк берген маалымат кагазы.

Ата-мекендик продукцияны чет өлкөлөргө экспорттоодон жана аларды таанытуудан мурун, биринчи кезекте адал системасындагы талаптарды мамлекеттин ичинде аныктоо жана бул талаптарды аткаруу зарыл.


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу