Өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу
7513

Өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыздоо сектору

Метрология - өлчөөлөр, алардын бирдиктүүлүгүн камсыз кылуучу усулдар менен каражаттар жана талап кылынган тактыкка жетишүү ыкмалары жөнүндө илим. Кыргыз Республикасында өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыздоого байланышкан мамилелер  «Өлчөө биримдүүлүгүн камсыз кылуу жөнүндө» Мыйзам менен жөнгө салынат жана өлкө менен коомдун объективдүү, чын жана натыйжалуулуктун салыштырмалуу бирдиктерин камсыздоого, өлчөөлөрдүн тура эмес натыйжаларынын кесепеттеринен жарандардын, жеке ишкерлердин, юридикалык жактардын укуктары менен мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоого багытталат, ошондой эле эркин соода жүргүзүү менен илимий-техникалык прогресске алака түзөт.

Өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыздоонун улуттук системасына өлчөө бирдиктүүлүгүн жана анын катышуучуларын камсыздоо боюнча жүргүзүлгөн иштердин эрежелеринин жалпылыгы жана өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыздоо системасынын иштөө эрежелери кирет.

Кыргыз Республикасында өлчөө бирдиктүүлүгүнүн улуттук саясатын ишке ашыруу мамлекеттик органга жүктөлөт.

Өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыздоо боюнча мамлекеттик органдын ыйгарым укуктары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген Жобо менен аныкталат. 

Мамлекеттик тескөө тармагы төмөндөгүлөргө таркалат:

саламаттык сактоо, ветеринария;

айлана чөйрөнү корго ишмердигин  жүзөгө ашыруу, транспорт кыймылынын коопсуздугун камсыздоо;

эмгекти коргоо жана шартын камсыздоо боюнча иштерди жүзөгө ашыруу;

өндүрүүчүлөр (сатуучу) менен колдонуучулардын (кардар) ортосундагы  соода операциясы менен өз ара эсептешүүнү ишке ашыруу;

 почта байланыш кызматын көрсөтүү жана көрсөтүлгөн электр байланыш кызматынын көлөмүн аныктоо;

милдеттүү түрдөгү техникалык тескөө ишмердүүлүгүн жүзөгө ашыруу;

Өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыздоо боюнча улуттук системасынын катышуучулары:

  1. Экономика министрлиги өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыздоо системасынын ишин координациялап жалпы саясатын аныктайт;
  2. Кыргыз Республикасынын Улуттук жана баштапкы эталондорду түзүү, сактоо жана колдонуу боюнча жумуштарды ишке ашыруучу, баштапкы эталондорду бекитүүчү,  өлчөө каражаттарын текшерүүчү (калибрлөө) жана метрологиялык аттестациядан өткөрүүчү Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы Стандартташтыруу жана метрология боюнча борбору;

Өлчөө каражаттарын камсыздоо боюнча талаптардын аткарылышын текшерүүнү Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция ишке ашырат;

  1. Аткаруу бийлигинин метрологиялык жана башка мамлекеттик кызматтары;
  2. Өлчөө бирдиктерин камсыздоону ишке ашыруучу юридикалык тараптар жана жеке ишкерлер.


Кыргыз Республикасынын «Өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу жөнүндө» Мыйзамына ылайык республикада өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыздоо боюнча иштерди Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги (КР ЭМ)  тескейт. 

Жумушчу орган болуп Кыргыз  Республикасынын  Экономика министрлигинин Техникалык жөнгө салуу башкармалыгынын өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыздоо сектору эсептелинет.

Дареги:  720002, Кыргыз Республикасы

Бишкек ш., Чуй проспектиси, 106

Телефон: + 996 (312) 62-05-35 (+198), (+273)

Метрология жаатында ишмердүүлүктүн негизги багыттары:

Өлчөө   бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу   жаатында  Улуттук экономиканын өнүгүү деңгээлин эске алуу менен Эл аралык талаптарга ылайык, мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу;

  • колдонууга жол берилген өлчөө  бирдиктүүлүгүнө багыт алуу;
  • өлчөө бирдейликтер тармагында нормативдик укуктук актыларды иштеп чыгуу;

юридикалык жактарга өлчөө каражаттарын сыноо жана (же) өлчөө каражаттарынын тибин бекитүү максаттарында стандарттык үлгүлөрдү аттестациялоого жана (же) өлчөө каражаттарын текшерүү укугун кайтарып алууга ыйгарым укук берүү;


- мыйзамдуу метрологиялык системаны өнүктүрүү;

- өлкө менен коомдун объективдүү, чын жана натыйжалуулуктун салыштырмалуу бирдиктерин камсыздоого.

Ченемдик укуктук база

Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу жөнүндө» 2014-жылдын 9-июлу № 118;

•        Кыргыз Республикасынын   Өкмөтүнүн Токтому «Кыргыз Республикасынын аймагында убакытты эсептөөнүн тартиби жөнүндө» 2005-жылдын 6-августу N 362

•          Кыргыз Республикасынын   Өкмөтүнүн Токтому «Мамлекеттик метрологиялык көзөмөл жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралу» 2012-жылдын 31-майы N 350;

•          Кыргыз Республикасынын   Өкмөтүнүн Токтому ««Ченөө бирдейлигин камсыз кылуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу чаралары тууралуу» 2012-жылдын 27-сентябры N 664;

•          Кыргыз Республикасынын   Өкмөтүнүн Токтому «Ченөө бирдейлигин камсыз кылуу боюнча талаптарды камтыган техникалык регламенттердин, башка ченемдик укуктук актылардын долбоорлоруна метрологиялык экспертиза жүргүзүү тартибин бекитүү жөнүндө» 2012-жылдын 10-октябры N 703;

•          Кыргыз Республикасынын   Өкмөтүнүн Токтому «Ченөө каражаттарын текшерүүчүлөргө аттестация өткөрүүнүн тартибин бекитүү жөнүндө 2013-жылдын 4-февралы N 49;

•          Кыргыз Республикасынын   Өкмөтүнүн Токтому «Кыргыз Республикасында чоңдуктар бирдиктерин жазуунун жана колдонуунун эрежелери жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» 2013-жылдын 6-марты N 119;

•          Кыргыз Республикасынын   Өкмөтүнүн Токтому «Чоңдуктар бирдиктеринин улуттук жана баштапкы эталондорун бекитүү, Кыргыз Республикасынын Улуттук эталондордун мамлекеттик реестрин жүргүзүү тартибин бекитүү тууралуу» 2013-жылдын 2-апрели N 164;

•          Кыргыз Республикасынын   Өкмөтүнүн Токтому «Ченөө каражаттарынын тибин бекитүү жана (же) ченөө каражаттарын текшерүү максатында юридикалык жактарга ченөө каражаттарына сыноо жүргүзүүгө жана (же) стандарттык үлгүлөрдү аттестациялоого укук берүүнүн жана укукту кайра алып коюунун тартибин бекитүү жөнүндө» 2013-жылдын 4-июлу N 401;

•          Кыргыз Республикасынын   Өкмөтүнүн Токтому «2015-жылдын 29-майында кол коюлган Өлчөө каражаттарынын тибин, метрологиялык аттестациялоону, текшерүүнү жана калибрлөөнү бекитүү максатында сыноолордун жыйынтыктарын өз ара таануу жөнүндө макулдашууну бекитүү тууралуу» 2015-жылдын 22-октябры № 724.

Өлчөө бирдейлигин камсыз кылуу тармагындагы  ЕАЭБ алкагындагы актылар

http://www.eurasiancommission.org/ru/act/texnreg/deptexreg/Pages/acts_metrology.aspx



Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу