Суроолор-жооптор
8193

Тез – тез берилүүчү суроолор


Суроолор

Жооптор



1

ЕАЭБ алкагында продукция үчүн, шайкештикти баалоонун кандай формалары колдонулат

Шайкештикти баалоо, Бажы союзунун техникалык регламенттеринде белгиленет жана каттоо, сыноо, шайкештикти тастыктоо (шайкештикти декларациялоо, сертификациялоо), экспертиза формасында жүргүзүлөт




2

Биздин республикада ЕАЭБдин сертификатын кайдан алса болот?

Биздин республикада өндүрүлгөн продукцияга бирдиктүү формада толтурулган Бажы союзунун шайкештик сертификатын алуу үчүн, даярдоочу БСтин сертификаттоо боюнча органдарынын жана сыноо лабораторияларынын бирдиктүү реестрине киргизилген сертификаттоо боюнча органдарга кайрылышы керек




3

ЕАЭБдин бирдиктүү реестрине канча сертификаттоо боюнча орган жана сыноо лабораториясы киризилген

Бүгүнкү күндө ЕАЭБдин шайкештикти баалоо боюнча органдарынын бирдиктүү реестрине 14 сертификаттоо боюнча органы жана 34 сыноо лабораториясы киргизилген. ЕАЭБдин сыноо лабораторияларынын бирдиктүү реестрине киргизилген боюнча маалымат Кыргыз аккредитациялоо борборунун расмий сайтында (www.kca.gov.kg) жайгашылган.








4

ЕАЭБдин өлкө-мүчөлөрүнүн аймагына жеткире ала турган кайсы ишканалар ЕАЭБдин ишканалар реестрине киргизилген

ЕАЭБдин өлкө-мүчөлөрүнүн аймагына (РФ жана Казахстан Республикасы) жеткире ала турган ЕАЭБдин ишканалар реестрине бүгүнкү күнү 49 кыргыз ишканасы киргизилген.

Сүт азыктарын өндүрүүчү – 15

Бал топтоо жана сатуу – 16

Балыкты кайра иштетүү өндүрүшү – 12

Термикалык иштеп чыгуудан өткөн эт азыктарын өндүрүү - 5

Улуттук суусундуктарды өндүрүү – 1

Бардыгы 49 ишкана, анын ичинен 41 ишкана Россия Федерациясына жана 40 ишкана Казахстан Республикасына.

Эскертүү: Казахстан Республикасына киргизүүгө уруксат берилген ишканалар Казахстан Республикасынын түштүк облустарына гана киргизе алышат, балык өстүрүү жана балыкты кайра иштетүүчү ишканалардан башкасы.


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу