Бааларды мамлекеттик жөнгө салуу
8418

Азыркы учурда Кыргыз Республикасынын мыйзамынын негизинде баалар (тарифтер) мамлекет тарабынан төмөнкү учурларда жөнгө салынат:

 - Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы табигый монополиялар жөнүндө” Мыйзамына ылайык, табигый монополиялардын субъекттеринин кызмат көрсөтүүлөрүнө (электр жана жылуулук энергиясы, жаратылыш газы, темир жол ташуу кызматы, аэронавигациялык кызмат көрсөтүүлөр, аэропорттордун кызмат көрсөтүүлөрү, борбордук суу менен жабдуу жана канализация);

Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөргө;

Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы ички соода жөнүндө” Мыйзамынын 11-беренеси аткарууга алынган, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 22-апрелиндеги № 242 “Социалдык жактан маанилүү товарларынын айрым түрлөрүнө бааларды мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө” токтому менен тизмеси бекитилген социалдык жактан маанилүү товарларынын айрым түрлөрүнө

Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы ички соода жөнүндө” Мыйзамынын 11-беренесине ылайык, Жарандардын социалдык жактан алсыз категорияларынын керектөөлөрүн канааттандыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү социалдык мааниге ээ товарларга бааларды 90 календардык күндөн ашпаган мөөнөткө мамлекеттик жөнгө салууну киргизет. Бир айдын ичинде баалар 20 жана андан ашуун пайызга өскөн шартта бааларды мамлекеттик жөнгө салуу киргизилет.

Кыргыз Республикасынын ички рыногунда бааларын убактылуу мамлекеттик жөнгө салуу киризилиши мүмкүн болгон социалдык маанидеги товарлардын тизмесине төмөнкү товарлар киргизилди:

1.  Буудай, кара буудай уну

2. Нан (бөлкө нан)

3. Сүтмайлуулугу 2,5-3,2 %, пастеризацияланган

4. Өсүмдүк майы (күн карама жана пахта)

5. Каймак майы

6. Эт (уй эти, кой эти, чочко эти, куш эти)

7. Кумшекер

8. Күрүч

9. Макарон азыктар

10. Тоок жумурткасы

11. Картошка


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу